Улукбекова Канымбү Абдилаевна

Фамилиясы: Улукбекова

Аты: Канымбү

Атасынын аты: Абдилаевна

Талапкердин кыскача өмүр баяны:  Улукбекова Канымбу Абдилаевна 1989-жылдын 19-март күнү  Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айылында туулганмын. 1995-жылы  №37 Г.Айтиев орто мектебине 1-класска кабыл алынып, 2006-жылы аталган мектепти 11–классын ийгиликтүү аяктадым. 2006-жылы Ош Мамлекеттик университетинин медицина  факультетине окууга кирип, 2012-жылы  окууну дарылоо иши  бөлүмүн  аяктап, 2013-жылы интернатурада окуп невролог адис бөлүмүнүн сертификатын алдым.  2014-жылдан баштап Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасында невролог дарыгер болуп  эмгектенемин. Үй – бүлөдө төрт  бир тууганбыз. Учар айылынын жаштары менен биргеликте иш-чараларга активдүү катышып келем. Үй-бүлөлүүмүн учурда жолдошум менен 2уул, 2 кызды тарбиялап, бактылуу үй-бүлөлөрдүн катарын толуктап келебиз. Мен  жана менин бир туугандарым  сот  жоопкерчилигине тартылган эмес,  үчүнчү  жак  катары  сот  отурумдарына катышканы жок.