Ирматова Жылдыз Камиловна

Фамилиясы: Ирматова

Аты: Жылдыз

Атасынын аты: Камиловна

Талапкердин кыскача өмүр баяны:  Ирматова Жылдыз Камиловна 1975-жылдын 25-апрель күнү Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Учар айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулганмын. 1992-жылы  №28 «Учар» орто мектепти өзгөчө аттестат менен аяктадым, ошол эле жылы Алматы шаарындагы Алматы Технологиялык университетинин «Нан, кондитер жана макарон азыктарынын технологиясы” адистигине тапшырып, аны 1997-жылы ийгиликтүү аяктап, диплом ЖБ-II №0094913 «инженер-технолог» квалификациясына ээ болгонмун.

            Мен эмгек жолумду 1997-жылы  академик М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин «Азык заттардын технологиясы» кафедрасында мугалим болуп баштадым. 2006-жылы Ош технологиялык университетинин күндүзгү аспирантура бөлүмүндө окуп, 2009-жылы анны ийгиликтүү аяктадым.

            2010-жылдан аталган университеттин «Азык заттар жана айыл чарба азыктарын өндүрүүнүн технологиясы» кафедрасынын окутуучусу кызматында ишимди уланттым.

             2014-жылы 30-июнда И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Химиялык технология илим изилдөө институтунда  К.05.13.003 диссертациялык советинде 05.18.01- «Дан, буурчак, дан өсүмдүктөрүн, жашылча-жемиштерди жана жүзүмчүлүктөн алынган азыктарды сактоонун жана кайра иштетүүнүн технологиясы» жана 05.18.04- «Эт, сүт, балык азыктарынын жана муздаткыч өнөр жайларынын технологиясы» адистиги боюнча кандидаттык илимий диссертациямды жактадым. Жогорку аттестациялык кеңештин чечими менен 2015-жылы №ЗК-1/5 буйругунун негизинде  кандидаттык илимий даражам бекитилди. 2015-жылдан 2021-жылдары Ош технологиялык университетинин «Технология жана жаратылышты пайдалануу» факультетинде сырттан окуу жана илимий иштер боюнча декандын орун басары болуп иштедим.

2016-жылы «доценттик» кызмат ордуна конкурстун жыйынтыгы менен шайландым.

Азыркы убакта «Айыл чарба азыктарын кайра иштетүү технологиясы» кафедрасынын башчысы болуп иштеп келе жатам.