Эргешов Бакытбек Сагынбаевич

Фамилиясы: Эргешов

Аты: Бакытбек

Атасынын аты: Сагынбаевич

Талапкердин кыскача өмүр баяны:  Эргешов Бакытбек Сагынбаевич 1987-жылы 2-апрелинде Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнө караштуу Учар айылында туулганмын. 1994-жылы №28 «Учар» орто мектебине 1-класска кабыл алынып, 2004-жылы 11 жылдык билимди тастыктаган аттестацияны аталган мектептен алганмын. Ошол эле жылы (2004-жылы) ОшМУнун «Филологиялык факультетинин» орус тил мугалимдигине тапшырганмын,2005-жылы аталган университеттин «Дүйнөлүк тилдер факультетине» которулдум, 2007-жылы ОшМУнун «БиМ» Факультетине «Финансы-кредит» бөлүмүнө тапшырып,2009-жылы «Экономист» адистигине ээ болдум. Азыркы учурда эсепчи болуп иштейм.

Атам: Эргешов Сагынбай Окумович-жумушсуз, апам: Эргешова Нартажи Токуровна –пенсионер, иним:Эргешов Таалайбек Сагынбаевич-программист, карындашым:Эргешова Элмира Сагынбаевна-иштебейт. Жубайым: Нурматова Гулумкан Турусбековна-иштебейт, кыздарым: Сагынбаева Асия Бакытбековна, Сагынбаева Алия Бакытбековна, уулум-Сагынбаев Асхат Бакытбекович.