Урунбаев Икрамжан Уртамжанович

Фамилиясы: Урунбаев

Аты: Икрамжан

Атасынын аты: Уртамжанович

Талапкердин кыскача өмүр баяны: Урунбаев Икрамжан Уртамжанович 1972-жылдын 12-апрель күнү Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айылында туулганмын. 1979-жылы “Октябрьдын 60-жылдыгы” орто мектебине 1-класска кабыл алынып, 1989-жылы аталган мектепти 11–классын ийгиликтүү аяктадым. 1989-жылы СПТУ №113 кесиптик лицейге окууга кирип, 1991-жылы окууну повар кондитер бөлүмүнүн диплому менен бүтүрдүм. Азыркы убакытта жеке ишкердик менен алектенем. Үй-бүлөөлүмүн, учурда жубайым менен 3 уул, 1 кызды тарбиялап, бактылуу үй-бүлөөлөрдүн катарын толуктап келебиз. Мен жана менин бир туугандарым сот жоопкерчилигине тартылган эмес, үчүнчү жак катары сот отурумдарына катышкан эмесмин.