Усмонов Равшанбай Иргашбаевич

Фамилиясы: Усмонов

Аты: Равшанбай

Атасынын аты: Иргашбаевич

Талапкердин кыскача өмүр баяны: Усмонов Равшанбай 1968-жылдын 12-февраль күнү Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Дыйкан-Кыштак айылында туулганмын. 1975-жылы №21 А. С. Пушкин орто мектебине 1-класска кабыл алынып, 1983-жылы аталгап мектепти 8-классын ийгиликтүү аяктадым. 1983-жылы Андижан шаар «Суу-чарба» техникумуна окууга кирип, 1987-жылы окууну техник-механик адиси бөлүмүнүн диплому менен бүтүрдүм. 1987-1989-жж Совет армиясында кызмат кылдым. Азыркы убакта жеке ишкердик менен алектенем. Үй-бүлөдө он бир тууганбыз. Дыйкан-Кыштак айылынын жаштары менен биргеликте иш-чараларга активдүү катышып келем. Үй-бүлөлүүмүн учурда жубайым менен 2 уул 2 кызды тарбиялап бактылуу үй-бүлөлөрдүн катарын толуктап келебиз. Мен жана менин бир туугандарым сот жоопкерчилигине таралган эмес, үчүнчү жак катары сот отурумдарына катышканы жок.