Батыров Асылжан Мийзамович

Айылдык кеңешинин депутатынын талапкеринин программасы:

   Көк-Арт айыл өкмөтүнүн  эли жер иштетүү жана мал кармап тирилик кылышат. Жер иштетүүдө бир кыйла көйгөйлөр жаралып келет.Карапайым элге эгин айдоо, үрөн себүү, эгинге жер семирткич алуу үчүн агро,биофермалар менен келишим түзүп арзандатылган же болбосо насыя түрүндө продукция апарып элдин көйгөйүн чечүү.

    Биздин көп адырлуу жерлер суу жетпей же жайытка пайдаланылбай, же эгинге пайдаланылбай турат. Мүмкүнчүлүк таап, керектүү жерлерге чейин насос, мотор орнотуп , бак тигүүгө, жайыт жерлерге пайдаланууга, эгин эгүүгө жарактуу жайга айландыруу, максаттуу пайдалануу.

    Айылда  жакыр үй –бүлөлөр, жалгыз бой аялдар, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар да көп. Аларга жардам берүү,жакырчылыкты жоюу, мектептер менен биргеликте кол өнөрчүлүк, кондитердик чакан цехтерди ачып, ишсиздерди иш менен камсыздап,жаштарды ишкерликке тартуу.   

Дарек: Комсомол айылы А.Батыров көчөсү-23

Байланыш телефону: 0772-18-77-76