Дооронов Майсалбек Шаимкулович

Айылдык кеңешинин депутаттыкка талапкеринин программасы

 

       Мен Дооронов Майсалбек Шаимкулович, жашым 36 жашта, ѳзүбүздүн жашаган Кѳк-Арт айыл ѳкмѳтүнүн ѳнүгүү платформасын сунуштап жатам, бул платформа жарандардын ѳнүгүүсүнѳ салым кошот деп ойлойм. Бүгүнкү күнгѳ чейин алган билимимди жана тажрыйбамды эл үчүн жумшап, эл колдоп депутаттыкка ѳтүп калсам тѳмѳндѳгү иштерди аткарууну ѳз алдыма максат кылып турам:

Кѳк-Арт айыл ѳкмѳтүндѳгү кѳп айылдарда таза суу жок болгондугуна байланыштуу, бардык айылдарды таза суу менен камсыз кылууну айыл ѳкмѳтүнѳ сунуштоо жана эл аралык уюмдар аркылуу инвестиция тартуу.

Кѳк-Арт айыл ѳкмѳтүндѳгү билим берүү мекемелеринде билим сапатын кѳтѳрүү максатында ар түрдүү иш-чараларды уюштуруу.

Бекитилген бюджет маселелерин туура, сарамжалдуу жана элдин пайдасын кѳздѳгѳн гана сунуштарды алып чыгуу.

Ар кандай майрамдык, маданий, спорттук иш-чараларды уюштурууну колдоо.

Жол маселелерин замандын талабына ылайыкташтыруу жана жол чырактарды орнотуу, мисалга алсак мурда шагал тѳгүп келген болсо мындан ары асфальтташтыруу жолун тандоону колдоо.

Кѳк-Арт айыл ѳкмѳтүндѳгү аялдардын жарандык статусун кѳтѳрүү жана аялдардын жогорку билим алуусу учун ар тараптан колдоо.

Дарек: Жерге-Тал айылы, К.Чолпонкулов кѳчѳсү №14

Телефон: 0778-85-31-85