Сатыев Кыялбек Акматбекович

Айылдык кеңешинин депутатынын талапкеринин программасы:

 

“Келечек жаштардын колунда” жана, “Ааламга жол айылдан башталат” демекчи, мен дагы ааламга жолду өз айылымдан баштагым келди. Айылда балдар бакчасы, мед.пункт, кичи футбол аянтча, жөө жүргүнчүлөр  үчүн жол, айыл ичиндеги  жолдорду начарлыгы, арыктарды тазалоо, көчөлөргө жол чырактарын орнотуу, жаны коңуштарга суу алып кирүү жана элдин башкы көйгөйү болгон чек  маселесин көрүп, көтөрүп чыккым келди. Айылыбызда келечеги бар, бирок, шарты жок адамдарга колдоо көрсөтүү керек.

   Өзүңүздөргө белгилүү болгондой жаш муундардын  билим алуусу  үчүн китепкана, машыгуучу спорт зал,  бала бакчалардын көпчүлүгүнүн шарты жакшы эмес. Ошондуктан ушул көйгөйлөрдү жок кылуу үчүн биз, жаштар биргеликте бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, бар күчүбүздү жумшайбыз. Азыр баардыгыбыз билгендей  дүйнө абдан тездик менен өзгөрүүдө, глобалдашкан жана технологиянын доорунда жаштарга жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылды. Жаштардын эртенки камын көрүү менен өткүлүктүү идеология керек. Айылды өнүктүрү үчүн сырттан  инвестиция тартылып, логистикалык борборлорду салыныш керек.

 Дареги: Жерге-Тал(Михайловка)а-ы.Алымбаев Чырмаш көчөсү-н/ж

 Байланыш телефону: 0777-12-01-51