Абылмажинова Жаркын Сыргаковна

Иштеген жери жана ээлеген кызматы:  С.Кудайбергенов атындагы Карал-Дөбө орто  мектеби, мугалим.

     Жалпы маалымат( кыскача өмүр баяны) :    Мен, Абылмажинова Жаркын Сыргаковна, 1975-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районунун  Коммунисчил айылында туулгам.

    1981-жылы Чүй облусунун Кемин районунун Тегирменти айылындагы  Б.Солтоноев атындагы Тегирменти орто мекетбине биринчи класска кирип, 1992-жылы мектепти ийгиликтүү аяктагам.

       1992-жылдан 1997-жылга чейин Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык университетинин Кыргыз филологиясы факултетин аяктап,кыргыз тили жана адабияты мугалими адистигине  ээ болгом. Ошол жылдан  азыркы мезгилге чейин мугалимдик кесипти аркалап келе жатам.   Ушул жылдар ичинде тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары, директорлук кызматтарды аркаладым.