Истам уулу Кубанычбек

ПРОГРАММА

  • Казыбек айылынын тургундарынын социалдык маселелерин чечүүгө көмөк көргөзөм.
  • шайлоочуларым менен ар дайым тыкыз байланышта болуп иш алып барам;
  • Казыбек айыл өкмөтүнүн бюджетин туура бөлүштүрүп, ошол бюджеттин акчасы өз нугунда жумшалышына жана максаттуу жумшалышына өз билимимди жана мүмкүнчүлүгүмдү жумшайм.
  • Казыбек айыл аймагына «Эко» туризм багытында инвестиция тартып келүү, жана туризм багытын өнүктүрүүгө салымымды кошом.
  • Казыбек айыл аймагын жашылдандыруу.
  • Жайыт комитетине чогулган акча каражаттарынын чогулушу жана анын жумшалышы боюнча иш алып баруу. Жайыт комитети менен бирдикте.

Дени сак, таза коом аталышындагы жаш улан-кыздарды спортко тартуу жана ар кайсы спорттун түрлөрү боюнча иш-чараларды уюштуруп, өткөрүп  турууга болгон күч аракетимди жумшайм.

(Орфография-пунктуация жана автордун стили сакталган)