Капарбеков Камбар Капарбекович

Платформа

Мен Казыбек айылдык кенешке депутаттыкка талапкер Капарбеков Камбар Капарбекович депутат болуп шайланып калсам ушундай иштерди аткарганга аракет жазайм.

  1. Шайлоочуларым менен тыгыз иш-алып баруу.
  2. Шайлоочуларыма айыл өкмөтүндө жазалчу жана жазалып жаткан иш-чараларды жеткирүү.
  3. Фапка жетишсиз каражаттарын камсыз кылууга көмөк көргөзүү. Элдин ден соолугуна кам көрүү. ЦСМ, УТД менен бирдикте иш алып баруу.
  4. Китепкананын иш алып баруусуна шарт түзүп көмөк көргөзүү.
  5. Даталуу күндөрдө жана ар кандай кырдаалдарга жараша эл менен чогуу, даталуу күндөрдү белгилеп жана кырдаалдардан чыгуу.
  6. Айыл ичиндеги жолдордун ондолуп түзөлүшүнө, көпүрөлөрдүн салынышына айыл өкмөтүнүн бюжетинен каражаттарды бөлдүрүү.
  7. Жол чырактарын убагы менен ремонттон өткөрүп туруу.
  8. Турак жай салууга жер участокторунун бөлүнүшү үчүн тиешелүү жактарга жерди трансфармациялоо үчүн кайрылып чечтирүү.
  9. Айылыбыздын ичине келип туруучу суунун арыктарын айыл өкмөт жана эл менен бирдикте ондоп түзөөнү уюштуруу жана тазалоо.
  10. Айдоо аянттарын сугаруу үчүн сооруженияларды куруу. Эл жана спонсорлор менен бирдикте.
  11. Элди таза суу менен убагында камсыз кылуу үчүн иштерди алып баруу

(Орфография-пунктуация жана автордун стили сакталган)