Белеков Болотбек Турдугулович

ПРОГРАММА

   - шайлоочуларым менен ар дайым тыкыз байланышта болуп иш алып барам;

- шайлоочуларыма айылдык кеңештин иши тууралуу ар дайым маалымат берип турам;

- айыл өкмөтү тарабынан элдин экономикалык, социалдык багыттагы өнүгүүсү боюнча ишмердүүлүгүнө активдүү катышып жеке өзүмдүн жана шайлоочуларымдын сунуштарын киргизип, ишке ашырылышын көзөмөлгө алам;

- айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынып жаткан ар кандай маселелерге эл тарабынан келген  сунуштарды киргизип турам;

- шайлоочуларым тарабынан келип турган сунуштарды, маалыматтарды, сын-пикирлерди талдап аларды жоюу боюнча айылдык кеңешке жана айыл өкмөткө сунуш киргизип турам;

- айылдын ар тарабынан өнүгүшүнө өзүмдүн колуман келишинче жеке салымымды кошуп турам;

- айыл ичиндеги аярлуу катмарындагы тургундарына ар тараптуу жардам берилиши боюнча иш алып барам;

- айыл өкмөтүнүн бюджетин кабыл алып жатканда активдүү катышып өз сунуштарымды, шайлоочуларым тарабынан берилген сунуштарды ар дайым киригизип ишке ашырылышы боюнча иш алып барам;

- айыл ичине ар тараптуу инвестиция жана жеке инвесторлорду тартуу боюнча иш алып барам;

- айыл ичиндеги жаштар менен тыкыз иш алып барам.

 

(Орфография-пунктуация жана автордун стили сакталган)