Байышов Майрамбек Байышович

ПРОГРАММАСЫ

Мен Байышов Майрамбек Байышовичтин Казыбек айылдык кеңешинин депутаты болуп шайланып калсам

Төмөндөгүдөй иш алып барам:

-шайлоочуларым менен ар дайым тыгыз байланышта болуп иш алып барам.

-шайлоочуларыма айылдык кеңештин иши тууралуу ар дайым маалымат берип турам.

-айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынып жаткан ар кандай маселелерге эл тарабынан келген сунуштарды киргизип турам.

-шайлоочуларым тарабынан келип турган сунуштарды, маалыматтарды, сын-пикирлерди талдап аларды жоюу боюнча айылдык кеңешке жана айыл өкмөткө сунуш киргизип турам.

-айылдын ар тарабынан өнүгүшүнө өзүмдүн колуман келишинче жеке салымымды кошуп турам.

-айыл өкмөтүнүн бюджетин кабыл алып жатканда активдүү катышып өз сунуштарымды, шайлоочуларым тарабынан берилген сунуштарды ар дайым киргизип ишке ашырылышы боюнча иш алып барам.

-айыл ичине ар тараптуу инвестиция жана жеке инвесторлорду тартуу боюнча иш алып барам.

(Орфография-пунктуация жана автордун стили сакталган)