Жангазиев Аманбай Ибраимович

Программа

Айылдык кеңештин депутаттыгына аттанганымдын негизги максаты айылдын тургундарынын жашоосун жеңилдетүүгө болгон күч аракетимди жумшоо.

-Казыбек айылынын жаштарын колдоп спорттук мероприятияларды көп өткөзүп спортту пропаганда кылуу. Жаш балдарга коопсуз ойноочу аянттарды салдыруу.

Айыл ичиндеги тазалыкка көнүл буруп, жаз-күз мезгилинде ишембиликтерди уюштуру, чоң көчөлөргө таштанды салчу контейнерлерди койдуруп берүү, айылды жашылдандыруу максатында бак дарактарды отургузуу иштерин уюштуруу, эс алуу жайларды жана сейил бактарды уюштуруу.

Айылдын фермерлерине асыл тукум малдын санын көбөйтүүгө жардам берүү. Мал кыштатууга чөп даярдоо иштерин жүргүзүп, өкмөттөн же демөөрчүлөөрдөн акча каражат бөлдүрүп суу насосторун койдуруп, сугат учурунда суу менен кенен камсыз кылуу.

Туризм тармагын өнүктүрүү, туристтерди тартуу жана аларга ыңгайлуу эс алуу үчүн шарттарды түзүү, жаңы курорттук зоналарды ачуу, ошону менен калкка кошумча киреше алуу мүмкүнчүлүк түзүү.

(Орфография-пунктуация жана автордун стили сакталган)