Тагаев Максат Төлөмүшович

 

Программасы

  1. Шайлоочулар менен ар дайым тыкыз байланышта болуп иш алып барам;
  2. Шайлоочуларыма айылдык кенештин иши тууралуу ар дайым маалымат берип турам;
  3. Айыл аймагында сугат жерлердин ирригациялык иштерин жакшыртуу жана каналдарды ондоп-түзөө иштерине айылдык кеңештин бюджетинен акча каражатын болдурууго аракет кылам.
  4. Жайыттардын пайдаланышын жонго салып жер кыртышынын асылдандырууга шарт түзүү.
  5. Айыл тургундарынын жумушсуздугун жоюу максатында инвестиция тартып же болбосо проекти жазып чакан ишкана курулушуна көмөк көргөзүү. Айылдын жаштарын айылга алып калуу максатында.

Мисалы: Кичи тигүү чехин, ширетүүчү цех, пельмен түйүү цехи ж.б ушул сыяктууларды.

  1. Дени сак, таза коом аталышындагы жаш улан-кыздарды спортко тартуу жана ар кайсы спорттун түрлөрү боюнча иш-чараларды уюштуруп, өткөрүп турууга болгон күч аракетимди жумшайм.
  2. Маданий иш-чараларын дагы колдоп уюштуруу иштерине активдуу катышуу.
  3. Айыл элинин менчик малын ветеринардык дарылоо иштерин уюштуруу менен катар, майда жандыктарга кошумча кубка салуу, жасалма уруктандырууну кенири таратканга жардам көрсөтүп асыл-тукум малдын санын өстүрүүнү колдоо.

(Орфография-пунктуация жана автордун стили сакталган)