Аттокуров Айбек Бакыбаевич

Программа

- Шайлоочуларым менен ар дайым тыкыз байланышта болуп иш алып барам;

- шайлоочуларыма айылдык кеңештин иши тууралуу ар дайым маалымат берип турам;

- айыл өкмөтү тарабынан элдин экономикалык, социалдык багыттагы өнүгүүсү боюнча ишмердүүлүгүнө активдүү катышып жеке өзүмдүн жана шайлоочуларымдын сунуштарын киргизип, ишке ашырылышын көзөмөлгө алам;

- шайлоочуларым тарабынан коюлган наказдарды аткаруу боюнча  иш чара түзүп аткарылышы боюнча иш алып барам;

- айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынып жаткан ар кандай маселелерге эл тарабынан келген  сунуштарды киргизип турам;

- айыл аймагында өткөрүлүп жаткан ар кандай массалык иш чараларга активдүү катышып, айыл тургундары тарабынан айтылып жаткан ар кандай сын-пикирлер боюнча иш алып барам;

- өз ишмердүүлүгүмдө  эң  негизги принцип бул мыйзамдуулук жана мыйзам чегинде иш алып баруу;

- айылдын ар тарабынан өнүгүшүнө  өзүмдүн колуман келишинче жеке салымымды кошуп турам;

- айыл ичиндеги аярлуу катмарындагы тургундарына ар тараптуу жардам берилиши боюнча иш алып барам;

(Орфография-пунктуация жана автордун стили сакталган)