Сапарбаева Асел Жолочиевна

Лозунг: «Дени сак эне-  дени сак улут»

Айылдык кенешинин депутатынын кызмат ордуна талапкерлердин программасы:

v Таза жана коопсуз айыл: айыл ичинде ишембиликтерди уюштуруу, көчөлөргө таштанды урналарды коюу, көчөлөргө шагыл төктүрүү, жарыктандыруу боюнча айыл өкмөтү менен бирге иш алып баруу;

v Сугат жерлерин арендага берүүнүн мыйзамдуулугун көзөмөлдөө;

v Балдардын билим алуусуна ыңгайлуу шарт түзүү: мектептеги жана бала бакчадагы балдардын окуусуна, тарбия алуусуна заманбап, ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жардам берүү;

v Дени сак улут: айылдагы оорукананын көйгөйүн аныктап, долбоорлорду жазуу менен керектүү жардам көрсөтүү;

v Сергек жашоо: жергиликтүү элдерди сергек жашоого үндөп, спорттук иш-чараларды уюштуруу;

v Зомбулукка жол жок:аялдарга, балдарга карата зордук- зомбулукту төктөтуу, алардын укуктарын коргоо максатында окууларды жана башка иш-чараларды өткөрүү;

v Тартип. дисциплина: ар бир ишти аткарууда эрежелерин так сактап, тартипти сактоону көзөмөлдөө

(Орфография-пунктуация жана автордун стили сакталган)