Мамадраимова Моминахон Абдикахаровна

Талапкердин программасы:

1. «МЧББ уюумдарында  билим сапаттарын көтөрү» айылдык кенештин депутаты катары ишимди КР Конституциясынын 110-беренесине ылайык жүргүзүлүшүнө убада берем. Мен өз ишмердүүлүгүмдө ачык-айкындүүлүктүн принциптерин сактоого милдеттенем, айылдын жашоосунун маанилүү маселелери боюнча коомчулуктун катышуусун камсыз кылам жана айыл өкмөттүн регламентинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөтү жана айылдык кеңеш) жергиликтүү жамааттын алдында отчеттуулугун милдеттүү түрдө квартал сайын берип туруга милдеттенем.

                      2.Тийиштүү аймактын экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн төмөнкүлөр зарыл: ички сугат тутумунун көйгөйлөрү (балким, сиздин айылда сугат суусу жетпеген жериңиз бардыр, эгер сиз бул маселени көтөрүп чыксаңыз, анда кайрак жериңер, азыктуулугу аз  жерлер сугат жерге айланат жана ал жерди пайдаланып, элибиз экономикалык өсүшкө ээ болуп бакубатчылыкажетишет, негизинен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ишкердиктин өсүшүнө шарт кана түзүп берүүгө милдеттүү - бул багытта эмне кылсаңыз болот экен, карап көрүңүз.

3.Муниципалдык менчикти башкаруу маселелеринде – аны ижарага берүү үчүн муниципалдык менчиктин жана жердин реестрин түзөбүз деп кепилдик бере алам. Ар бир айылда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жарандардын ортосундагы ижара мамилелери ачык-айкын болушу үчүн, АЖМФ жерлердин өнүгүүсүнүн перспективдүү планы иштелип чыгып, ушул маселеде тактыка алып келиши абзел.

                       4.Калкты ичүүчү суу менен камсыздоо айылдын эң көйгөйлүү жана адам баласына маанилүү маселелердин бири болуп саналат. Бүгүнкү күндө биздин айылда калкыбыздын  30% гана таза суу менен камсыз болушкан, биз гранттарды тартып, өз каражаттарыбызды инвестициялап, бул чектелген ресурска аяр мамиле кылууну жайылтып, болгон көйгөй маселени чечүүгө кадам ташташыбыз керек.

(Орфография-пунктуация жана автордун стили сакталган)