Курбонова Минавархон Ибрахимовна

Талапкердин программасы:

Балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды уюштурууда балдардын эрте өнүгүүсүнө көңүл буруу керек. Биздин айылда мектепке чейинки курактагы балдардын 20% гана бала бакчага барууга мүмкүнчүлүк алган, эмне үчүн биз мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн пайда болушуна өбөлгө түзө албайбыз жана бул көрсөткүчтү көтөрө албайбыз, анткени адамдын өнүгүшү үчүн эң маанилүү көндүмдөрдүн бардыгы ушул куракта калыптанат экен. Айылыбызда ошондой аракет менен бала бакча уюштурулушуна бардык күчүмдү жумшайм. Мектептерде эмнеге биз балдарды өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды колдобойбуз, канча убакыттан бери мектепке керектүү китептерди сатып алып, окуу конкурстарын уюштурууга акча бөлүп, балдарыбызга маанилүү көндүмдөрдү сиңирүүгө шарт түзбөйбүз.

Китепканалардын ишин уюштуруу маселелеринде мен кемчиликтерди байкайм. Анын эффективдүүлүгүн кандайча өлчөйбүз, китеп окуу жана талкуулоо маданиятын өркүндөтүү боюнча канча жолу жана кандай иш-чаралар жүргүзүлөт, жарандарыбыз позитивдүү ой жүгүртүүгө жана ийгиликке жетүүгө дүйнөлүк бестселлер болгон китептерди окууга, китепканага канча акча бөлөбүз.

(Орфография-пунктуация жана автордун стили сакталган)