Абдуллаев Шоятбек Усманович

Талапкердин программасы:

С. Юсупова айыл өкмөтүнүн деңгээлинин көтөрүү максатында эл жана айыл өкмөт менен биргеликте шайлоочулардын наказдары боюнча каалоо талаптарын мыйзам чегинде депутаттардын сессияларынын токтомдорунун негизинде ишке ашыруу. С. Юсупова айыл аймагында жашаган жаштардын арасында спорттун ар бир түрүн өнүктүрүү, айыл аймактын ар бир участкасында спорттук аянтча жана спорттук залдарды ачуу жана иштеп жаткан спорттук залдарды колдоо. М. Курбонов, М. Содиков көчөлөрүнөн түзүлгөн маалага жана жер үлүшүнө сугат суу маселесин чечүү. Жогорудагы көрсөткөн маалалардын көчөлөрүнө ЖК депутаты Нурбаев Ж. П. менен биргеликте асфальт жаткызуу.

- С. Юсупова айыл аймагында жашаган жаштардын ден соолугун чыңдоо максатында жер-жерлерде спорт мелдештерин өткөрүү, жаштарды толугу менен спортко тартуу.

- С. Юсупова айыл аймагында дыйкандарга инвесторлорду тартып келүү жана дыйкандарга жеңилдиктерди жаратуу.

- С. Юсупова айыл аймагында жайгашкан бала бакчаларын тамак-ашынын сапатын жогорулатуу.

- Мектептерде сапаттуу ремонттон чыгарылышына көзөмөл жүргүзүү жана жардам берүү.

(Орфография-пунктуация жана автордун стили сакталган)