Юлдашева Миножатхон Таваккиловна

Талапкердин программасы:

         Балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды уюштурууда балдардын эрте өнүгүүсүнө көңүл буруу керек. Биздин айылда мектепке чейинки курактагы балдардын 20% гана бала бакчага барууга мүмкүнчүлүк алган, эмне үчүн биз мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн пайда болушуна өбөлгө түзө албайбыз жана бул көрсөткүчтү көтөрө албайбыз, анткени адамдын өнүгүшү үчүн эң маанилүү көндүмдөрдүн бардыгы ушул куракта калыптанат экен. Айылыбызда ошондой аракет менен бала бакча уюштурулушуна бардык күчүмдү жумшайм. Мектептерде эмнеге биз балдарды өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды колдобойбуз, канча убакыттан бери мектепке керектүү китептерди сатып алып, окуу конкурстарын уюштурууга акча бөлүп, балдарыбызга маанилүү көндүмдөрдү сиңирүүгө шарт түзбөйбүз

         Мектептердеги билим сапатын өнүктүрүү иштерин алып баруу. Балдардын маданияттуулугун өнүктүрүү жана көчөдө өзүн алып жууруу адеби боюнча иш чаралар уюштуруу.