Список аильных ТИК >
Жайылская ТИК
>
Кызыл-Дыйканский айылный кенеш > №2 Кызыл-Дыйканский избирательный округ
Кадыркулов Жалиль Айдарович
Депутаттык программасы:
- Кызыл-Дыйкан айыл аймагындагы Кызыл-Дыйкан жана Петропаловка айылынын тургундарын 100% ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу максатында «Суу өмүрдүн булагы» урааны алдында эң негизги ичүүчү таза суу сапатына көзөмөлдүк кылуу.
- Айыл аймакка максаттуу инвестиция тартуу менен айыл ичиндеги ички жолдорго басым жасоо.
- «Сен таза болсон, мен таза болсом, коом таза болот» урааны менен айыл аймакты жашылдандыруу, көрктөндүрүү иш-чараларына өзгөчө басым жасоо, себеби айылдын тазалыгы-бекемден-соолуктун башаты, арбирибиздин жүзүбүз.
- Айыл аймактагы жаштардын иш менен камсыз болуусуна, баштоолоруна колдоо көрсөтүп, алардын жеке үй-бүлөөдөгу эле эмес, коомдогу ролун белгилеп көрсөтүү.
- «Балдар-биздин келечегибиз» урааны алдында, айыл аймакка инвесторлорду тартуу менен балдар үчүн эс алуучу аянт чаларды курдуруу. Түрлүү ийримдерди (англистили, кол өнөрчүлүк, спортту кийридерди ж.б.у.с) ачууга шарттарды түзүп берүү.
- Калктын жарды катмарына-аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө, жетим-жесир, ден-соолугу боюнча мүмкүн чүлүгү чектелген жарандарга майыптарга даректүү жардам көрсөтүү, ардайым аларды көңүл чордонунда коюу, колдоо көрсөтүү.
- Айыл өкмөтү тарабынан ар дайымачык-айкындуулукту камсыз кылып, муниципалдык кызматтардын сапатын жогорулатууга көңүл буруу.
- Айыл аймактагы күтүүсүз көйгөйлөрдү тезинен чечүү максатында тургундар менен тыгыз мамиледе болуу.