Джундубаева Гүлзина Набатовна
Депутаттык программасы:
Мен, Джундубаева Гулзийна Набатовна 2023-жылдын 9-апрелинде өтө турган жергиликтүү Кеңештердин шайлоосуна, Шекер айылдык аймактык Кенешинин депутаттыгына талапкерлигимди коюп жатып, алдыга төмөндөгүдөй иш аракеттерди аткаруу милдетин коюп жатам:
- Жеке ишкер катары кыздын себи “Элим” аттуу тигүүчү цехин чоңойтуп, колунан иш келген үч, төрт айымга жумуш оруну менен камсыз кылсам дейм.
- Айыл аймагындагы аярлуу катмардагы айылдын тургундарына жакындан жардам берүү, алардын жашоо шарттарын оңдоо, максаттарына жараша иш алып баруу.
- Айылдын оңдоо түзөө жумуштарына жана айыл өкмөттүн иш алып баруусуна жардам берүү, жаштар менен бирге айылды өнүктүрүү, коомдук иштерге активдүү катышуу менен айыл аймагынын өнүгүшү үчүн өз салымымды кошуу.
- Айыл аймагындагы майып балдарга жана аз камсыз үй-бүлөлөргө колумдан келген жардамымды берүү.
- Негизиг ойлогон оюм, айыл аймагындагы аял затынын чечилбеген көйгөйлөрүн чечүүгө жакындан жардам берүү.