ТААЛАЙБЕК УУЛУ ИМАНБЕК

Депутаттык программасы:

  1. Бейшеке айылынын туштук тарабында жайгашкан таштанды ташталган жайга мал жандыктын, жан-жаныбарлардын өлуктөрүн таштоого тыйуу салуу жана айып чегерүү. Себеби бул таштанды жай селдин нугунда жайгашкандыктан, сел журуп кеткен убакта таштандыларды ошол тегеректен тартылып өткөн Бейшеке айылы ичкен таза суунун куймаларына кошулуп кетүү коркунучу бар. Кошулуп кете турган болсо, элдин ден-соолугуна бир топ зыян тийгизиши талашсыз.
  2. Бейшеке айылынын ички жолдорун кенейтүү жана ондоп тузөө иштерин жүргүзүү, сынган көпүрөлөрдү алмаштыруу, каржы булактарын таап жарыктандыруу.
  3. Бейшеке айылынын эли ичкен таза суусуна альтернатива катары бургулоо жолу менен артезиан сууларын чыгарып айылга тартуу.
  4. Бейшеке айылынын жаны конуштарына ичүүчү таза суу тартуу.
  5. Бейшеке айылындагы Т. Айтманбетов атындагы орто мектебинин ондоп тузөө иштерине каржы булактарын таап ишке ашыруу.
  6. Бейшеке айылына жаны заманбап, баардык талаптарга жооп берген 100 орундуу бала бакча салуу. Ал учун өздүк салым катарында сбор ачып акча каражаттарын чогултуу.
  7. Бейшеке айылынын элин сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу учун иш аракеттерди жургузуу жана кошумча көмөк чордондорун орнотуу.
  8. Жаштар арасындагы кылмыштуулукту жоюу жана билимге, спортко, патриотчулука кызыктыруу максатында иш чараларды ( тренинг, тегерек стол, ар кандай кызыктыруучу конкурстарды уюштуруу) жана тушундуруу иштерин жургузуу.
  9. Спорттук оюндарды колдоо, жана спорт тармагын онуктуруу.
  10. Кыргыз Республикасынын президенти Жапаров Садыр Н.тин 2021-жылдын 29-январындагы №1 «Инсандын руханий адеп-ахлактык онугуусу жана дене тарбиясы жөнүндөгу жарлыгына ылайык иш чараларды жургузуу жана уюштуруу.