Депутаттык программасы:
Менин болочок депутаттык принцибим :Мыйзамдуулук,социалдык адилеттүүлүк жана ачык-айкындык.
Бакыян айылдык аймагынын социалдык-экономикалык жана маданий жактан өсүп-өнүгүшүнө, айыл жашоочуларынын социалдык бакубатчылыгын жогорулатууга коомчулук жана жергиликтүү бийлик менен биргеликте иш алып баруу.
- Өнүгүү чөйрөлөрү болгон: маданият,билим -тарбия берүү,элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү, коопсуздук ,тарыхий-маданий мурастарды коргоо, ден соолукту чыңдоо жана массалык спортту,чакан ишкерликти жана бизнестин өнүгүшүнө шарттарды түзүү. (Бул багытта Бакыян айылына бала-бакча, балдарга кошумча билим берүү жана өнүктүрүү борборун,балдар үчүн оюн жана эс алуу аянтчасын, жаштар борборун уюштуруу)
- Ичүүчү таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз болууну жана ички жолдорду оңдоо боюнча иш алып баруу.
- Айыл аймакта жашаган жаш үй-бүлөлөргө,шарты оор,аз камсыз үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү жана алардын балдарын камкордукка алуу .
- Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чараларын көрүү.
- “Таза жана жашыл айыл” урааны алдында иш алып баруу.