- Муниципалдык турак жай фондун инвентаризациялоо ишчарасын сапаттуу аяктоо үчүн шаардык нотариустун архивин Сүлүктү шаарына уюштуруу менен алып келүү.
- Сүлүктү шаарынын инфраструктуралык түзүмдөрүн жакшыртуу багытында тиешелүү иштерди жүргүзүү.
- Шаар боюнча балдар аянтчаларынын (балдар бакчалары менен биргеликте) коопсуздугун жана тейлөөнү камсыздоо.
- Шаар көчөлөрүн жарыктандыруу ишчараларын улантуу.
- Үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен шаардын ички көчөлөрүн асфальттоо.
- Дренаждык суу кетүүчү жолдорун оӊдоп-түзөө.
- Шаар боюнча саркынды суулардын кетүүчү каналдарын оӊдоп-түзөө жана сапаттуу тейлөөнү камсыздоо.
- Кош-Булак айылдык аймагында тез жардам станциясын ишке түшүрүү максатында имаратын оӊдоп-түзөө.
- Шаар аймагындагы кароосуз калып, балансалык тиешелүүлүгү анык эмес объектилерди муниципалдык баланска өткөрүү.
- Кош-Булак айылдык аймагында Деканова көчөсүндөгү жөө жүргүнчүлөр жолун (тротуар) Т. Рустамов көчөсүнө чейин жеткирүү.
- Т. Марипов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн чатырларын жабуу маселесин көтөрүү.
- Унаа жолунун коопсуздугун камсыздоо.
- Сүлүктү РЭТнин имаратына өтүүчү көпүрөнү селден коопсуз кылып жаӊылоо.
- Тегирменти – Сайсуу камоочу жайын стандартка ылайык келтирүү.
- Т. Рустамов атындагы №5 орто мектебине заманбап спорттук зал куруу.
- И. Раззаков көчөсүндөгү борбордук аянтын реконструкциялоо.
- Шаардын билим берүү, медициналык тейлөө жана маданият мекемелеринин инвентарлар менен камсыздоону колдоо.
- Ш. Джураев көчөсүнө мини футболдук аянтча куруу маселесин көтөрүү.