Программа кандидата на должность депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики:

Жарандардын жашоо-турмушунун деңгээли: Айыл жана шаар жеринде туруктуу жашап, киреше таап, жашоо-шартын жакшыртууга аракеттенген үй-бүлөлөрдүн максаттуу иштери үчүн мыйзам чегиндеги шарттарды түзүп берүү. Ошондой эле ички жана тышкы инвестициялардын коопсуздугу, эл тынчтыгы өнүгүүгө өбөлгө.

Үй-бүлө – коомдун негизи:  Аз камсыз болгон балалуу үй-бүлөлөрдү социалдык колдоо системасын кеңейтүү жана камтуу. Эки жана андан ашык балдары бар үй-бүлөлөр үчүн салык жеңилдиктерин берүү жана социалдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөдө колдоо көрсөтүү. Эненин капиталы түшүнүгүн (РФ мисалында) киргизүү.

Саламаттыкты сактоо: Медицинаны өнүктүрүү,тейлөөнүн деңгээлин жогорулатуу менен окутуунун эсебинен айыл жана борбордон алыс жайгашкан шаар жерлеринде медициналык адистерди тартуу боюнча Улуттук программаны иштеп чыгуу жана кабыл алуу,

Билим берүү: Кесипке багыт берүү системасын өнүктүрүү. Эмгек рыногунун жаңы талаптарын эске алуу менен кесиптик билим берүү системасын өркүндөтүү аркылуу айылдарга жана жетүүгө кыйын болгон калктуу конуштарга ишке жөнөтүлүп жаткан жаш адистерди социалдык колдоонун, жаштарды иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүнүн программасын иштеп чыгуу жана сунуш кылуу.

Маданият: Биринчи кезекте маданият кызматкерлерине өнөр адамдарынын өзүнө кам көрүү маанилүү.Муниципалдык маданият мекемелерин, атап айтканда маданият үйлөрүн, му- зейлерди, көркөм өнөр мектептерин, китепкана, маданий мурас обьектилерин (жана башкаларды) колдоонун региондук программаларын түзүүнү сунуштоо.

Мыйзамдуу түрдө бекемдөөгө зарыл болгон маселелер:- Чек ара маселеси;

-Гидроэлектр станцияларын, бүтүндөй алганда, энергиянын кайра жаралуучу булактарын куруу жана ишке ашыруу.

Ишкердик ишти баштоого боло турган шарттарды түзүү:

Адрес штаба: город Исфана, улица Манас-Ата 53

тел.: 0772 00 60 00

Электронная почта: izhoroev@mail.ru

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)