«Бүтүн Кыргызстан» саясый партиясынан бир мандаттуу №2 – Баткен шайлоо округунан депутаттыкка талапкер Төлөмүшов Бегали Пирмаматовичтин программасы:

Менин депутаттыкка аттанып жатканымдын бирден бир себеби - “Ата-журт кыйын күнгө кабылганда, айлансын ар бир уулуң чагылганга” демекчи, өзүмдүн жеке ишкерлигимди аркалап, шайлоодон алыс болуп, өз турмушумду өткөрүп жүрө берүү менин принциптериме каршы. Бүгүнкү күнү, сиздердин тандооңуздар, колдооңуздар менен таза, кесипкөй, жаш, эл арасынан суурулуп чыккан, мамлекеттин кызыкчылыгын бийик койгон! – элге чын дили!    -     ак эмгеги! менен кызмат кыла турган өкүлдөрүңүздөрдү түптөп жатасыздар.

         Биз негизги максаттарды иш жүзүнө ашыруу үчүн төмөнкү стратегиялык негиздерди белгилейбиз:

▪        Экономиканы өнүктүрүү жана негизги тармактарды модернизациялоо;

▪        Адилеттүү социалдык саясат, элди социалдык жактан камсыздоо;

▪        Коррупцияга каршы күрөшүү жана сот системасын көз карандысыздыкка жеткирүү;

▪        Тышкы жана ички коопсуздукту камсыздоо,  улуттук кызыкчылыкка жараша тышкы саясат жүргүзүү;

▪        Саламаттык сактоо, билим берүү, илимди, маданиятты жана спортту өнүктүрүү үчүн тиешелүү шарттарды түзүү.

        Баткен районундагы эн көйгөйлүү маселелердин бири бул чек ара маселеси. Ушул маселени коңшу Тажикистан менен тынчтык жолу менен чечүүгө салымымды кошуу. Экинчи маселе – таза суу. Элге таза сууну жеткирүү менен бирге дыйкан чарбаларды, фермерлерди сууну үнөмдүү колдонуу жолун үйрөтүп, тамчылатып сугаруу маселесин инвесторлордун жардамы менен чечуу. Учунчу маселе – Баткен өрүгүн бренд катары экспорттоого мамлекеттин көңүлүн буруу. Анткени, Баткен өрүгү коңшу тажик ишкерлери элден сатып алып Россияга экспорт кылууда, пайдасын көрүүдө. Ошондуктан, эгер баткен эли өзү Россияга экспорт кылса, пайда да элибизде калмак. Төртүнчү маселе – айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү кичи ишканаларды ачып, элди жумуш менен камсыз кылуу. Бешинчи – медицина тармагына коңүл бөлүү. Анткени көпчүлүк жарандар жакшы медициналык тейлөө Баткен облусунда жок болгондуктан Ош же Бишкек шаарларына барып дарыланууга муктаж. Ички миграцияны да азайтуу, жаштардын Баткен жергесинде калып, иштеп, өнүгүүгө шарт түзүшүбүз керек. Мына ушул маселелерди чечүү үчүн, талапкерлик программам катары көрсөтүүдөмүн.

Штабдын дареги: Баткен шаары , Т.Садыков көчөсү №30

тел.: (0707) 578-053

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)