Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын кызмат ордуна талапкердин программасы:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоо алдындагы  депутаттыкка талапкер Маманова Розанын программасы.

Мазмуну:

  1. Кириш сөз
  2. Негизги максаттар
  3. Корутунду

Кириш сөз

Жалпы элдин каалоосу менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Негизги мыйзамы – Конституциясы боюнча жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо өткөрүлөт. Мен, Кыргызстандын жараны, Маманова Роза № 3 Кадамжай бир мандаттуу шайлоо аймагы боюнча депутатыкка талапкерлигимди коюп жатып, шайлоочуларыма төмөндөгү программамды сунуш кылам.

     Негизги максаттар

 Райондук айыл аймактардын жана шаарлардын  көйгөй маселелерин чечүү үчүн менин максаттарым:

  1. 1. Уч -Коргон, Майдан жана  А.Масалиев айыл аймактарыбызда  дыйкан чарбачылыгы өтө өнүккөн, бирок ушул аймактарда завод-  фабрикалар болгондо  эӊ сапаттуу  ар кандай  таттуу суусундуктар чыкмак. Бул багытта да аракеттеримди жумшоого даярмын.
  2. Аталган «Исфайрам» дарыябызга кичи ГЭС терди куруу керек, биздин тоолуу   ар  бир аймагыбызда   ири көлөмдөгү суулар агууда, аны туура  иштетүү өтө зарыл, анткени суунун көп бөлүгү коӊшу мамлекеттерге өтүп кетип жатат. Өзүбүздүн  элибизге  ар кандай технологиялык ыкмалар менен сууну толук пайдаланууга чараларды көрүүгө күчүмдү жумшасам деп ойлойм.
  3. 3. Инвесторлорду тартуу менен көчөлөрдү кеңейтүү жумуштарын колго алып, авто тыгындарды азайтуу максатында айланма жолдорду ондоп-түзөөгө мүмкүнчүлүктөрдү издеймин.

тел.:     0558 19 19 73