Мамаюсупов Абдыхалил Шадманович

1964-жылы Ош облусунун Фрунзе (Кадамжай) районундагы Тамаша айылында туулган, билими жогору, үй-бүлөлүү төрт баланын атасы.

1981-жылы Фрунзе (Кадамжай) районунун Тамаша айылындагы орто мектепти бүткөн;

1981-1987-жылдары Кыргыз мамлекеттик медицина институтунун фармацевтикалык факультетинде окуган;

1987-1988-жылдары  Фрунзе шаарындагы № 306 дарыканада провизор-технолог, провизор-аналитик  болуп иштеген;

1988-1989-жылдары  Фрунзе шаарындагы № 157 дарыкананын башчысынын орун басары;

1989-1993-жылдары  Бишкек шаарындагы № 308 дарыкананын башчысы;

1993-1999-жылдары Бишкек шаарындагы “Дары” фирмасынын директору болуп иштеген;

1999-2005-жылдары Бишкек шаарында “Флора Медикал” ЖЧКнын директору болуп иштеген;

2005-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык жабдыктар менен камсыздоо департаментинин башкы директорунун орун басары болуп иштеген;

2008-жылдан тартып, учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча Комитетте саламаттыкты сактоо маселеси боюнча эксперт.

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)