КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТЫНЫН КЫЗМАТ ОРДУНА ТАЛАПКЕРДИН ПРОГРАММАСЫ:

  1. Коопсуздук маселеси:

Мамлекетибиздин жана жарандарыбыздын коопсуздугу. Кошуна мамлекеттери менен чек ара маселесин чечүү, ошону менен бирге чек араны күчөтүү, жакын жайгашкан айылдардын социалдык абалын жакшыртуу.

  1. Экономика маселеси:

Экономиканы тез арада калыбына келтирүү менен андан ары жогорулатуу. Коррупция менен күрөшүү. Көмүскө экономиканы кыскартуу. Чечкиндүү кадамдарга барууга керектүү мыйзамдарды кабыл алуу.

  1. Административдик маселе:

Кызыл-Кыя шаарына жакын жайгашкан Ноокат, Араван, Кадамжай райондорунун айыл өкмөттөрүн жакынкы борборго административдик бириктирүү.

  1. Суу маселеси:

Исфайрам-Тактек долбоорун ишке ашыруу. Бул чечим 18000 га жерди: Ноокат районунун Ынтымак, Кулатов, Төөлөс, Он Эки-Бел, Найман айыл өкмөттөрүн, Араван районунун Төө-Моюн айыл өкмөтүн, Кызыл-Кыя шаарын суу менен камсыз кылуу менен бирге элибиздин социалдык жана экономикалык абалын көтөрүүгө зор салымын кошот.

  1. Жол маселеси:

Аймактагы шаар аралык Ош-Исфана жолунун 28 км - 75 км аралыгын жана айылдарга баруучу ички жолдорду калыбына келтирүү.

  1. Социалдык маселе:

Айыл жергесиндеги социалдык маселелерди чечүү.  Жарандарыбызга пособие, пенсия жана башка төлөмдөрдү адилеттүү берүү, учурдагы кымбатчылыкты эске алуу менен. Билим берүү тармагында мектептерге, бала бакчаларга болгон муктаждыктарды жоюу менен бирге билим берүү деңгээлин жогорулатуу. Медицина борборлорун заман талабына ылайык жабдыктар менен камсыз кылуу жана медицина кызматкерлерин татыктуу социалдык пакет менен камсыздоо. Жаңы спорт аянттарын, залдардын курулушу жана элдердин спортко болгон мамилесин жогорулатуу. Жаштар саясатына колдоо көрсөтүү.

  1. Миграция маселеси:

Тышкы миграция тенденциясын төмөндөтүү. Чет жакта жүргөн жарандарыбызга шарт түзүү.

Штабтын дареги:  Баткен обл Кызыл-Кыя шаары Караван айылы

Кыпчакова көчөсү, 86, тел: 0559 25 00 00