КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТЫНЫН КЫЗМАТ ОРДУНА ТАЛАПКЕРДИН ПРОГРАММАСЫ:

Депутаттык ишмердүүлүгүмдүн 7 кадамы:

  1. Ичүүчү таза суу жана ирригациялык маселелер;
  2. Автоунаа жана темир жол каттамдары;
  3. Өндүрүүчү завод, фабрикаларды куруу темпин күчтөндүрүү;
  4. Социалдык обьекттерге көңүл буруу. Анын ичинде: мектеп, оорукана, бала бакчаларды ислам принциптери менен куруу;
  5. Туризм жана санариптештирүү;
  6. Өлкөнү энергетикалык каатчылыктан чыгаруу үчүн чакан ГЭСтерди курууга шарт түзүү.
  7. Үй-бүлө мамлекеттин өзөгү. Бактылуу, бекем үй-бүлө менен бакубат, өнүккөн өлкө курабыз!

        Азыр Кыргызстан энергетикалык кризиске кабылды. Токтогул ГЭСинде суу азайып, учурда 11,9 млрд гана суу калды. Айына 385 млн. куб метр суу жоготуп атабыз. Эгер суу сактагычтагы суунун көлөмү 8 млрд куб метрге түшүп кетсе, ГЭСтин иши токтойт. Буга аз эле калды. Бирок биз, ага жол бербешибиз керек. Мындан чыгуунун жолу бар! Ал – чакан ГЭСтерди курууну күчөтүү! Ушул жол менен барсак гана Кыргызстан быйылкыдай дээрлик бардык кошуналарынан ток сатып албай калат! Ошондо гана электр энергиясына болгон көз карандылыктан кутулабыз!

       Эл жакшы жашаш үчүн мамлекет жакшы шарт түзүп бериш керек. Ал “шарт” акча же байлык эмес. Ал – жакшы жашоонун жолун көрсөткөн туура багыт! Жакшы жашоонун формуласы – санда эмес, сапатта, маселе байлыкта эмес, жашоого канааттанууда, мансаптын чоңунда эмес, багындырган ийгиликтерде. Ийгиликтерибиз көп болсун!

   -Урматтуу элим!

Сиздердин батаңыздар менен Мекен үчүн ак кызматымды өтөөгө, эл-жерибиздин жүгүн чогуу көтөрүүгө белсенип, улуу жолго аттандым.

Депутаттык кызмат – бул аманат! Элдин жүгүн мойнуна алып, ак кызмат кылуу – ары татаал жана жоопкерчиликтүү жумуш.

Туура, адаттагыдай сөз менен “тоону томкоробуз”, - деп айтуудан алысмын. Болгон билимимди жана дараметимди жумшап элге ак кызмат кылганга даярмын.

Сиздердин колдооңуздарга терең ишенем!

Урматым менен