КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТЫНЫН КЫЗМАТ ОРДУНА ТАЛАПКЕРДИН ПРОГРАММАСЫ:

Максатым Элиме кызмат кылуу!

- Айылдардагы  жаңы конуштарга таза суу, электр энергиясы менен камсыз кылууну жакшыртуу, жолдордун абалын оңдоо маселелерин чечүүгө жардам берүү.

- Ош-Исфана чоң жолунун Ноокат районунун аймагындагы бөлүгүнүн курулушун тездетүү боюнча иш-аракеттерди жүргүзүү.

- Аймагыбыздагы айылдарга балдар ойноочу жайларды, сейил бактарды негиздөө, айыл деңгээлинде социалдык курстарды ачуу, тургундарды ар түрдүү кесиптерге үйрөтүү үчүн кесиптик лицейлерди ачып атайын кесипке даярдоо. Мисалы повар, сварщик, тигүүчү, айдоочу кесиптерге атайын курстарды ачуу менен ар тараптуу кадрларды даярдоо.

- Айылдардагы  жаңы конуштарга таза суу, электр энергиясы менен камсыз кылууну жакшыртуу, жолдордун абалын оңдоо маселелерин чечүүгө жардам берүү.

- Ден-соолугу чын бекем эл, бул күчтүү эл. Ошондуктан аймактардагы медициналык мекемелерди жетишпеген керектүү акыркы үлгүдөгү медициналык жабдыктар менен камсыздоого жетишүү, медицина кызматкерлеринин иштөө шарттарын жакшыртып, айлык маяналарын көтөрүүгө жардам берүү. Айылдагы медпункттарды кеңейтүүгө, тез жардам унааларын көбөйтүү боюнча иш аракеттерди жүргүзүү.

- Жаштардын спортко болгон кызыгууларын арттыруу максатында аймактарда спорттук аянтчаларды жана залдарды куруу боюнча инвесторлорду тартуу.