КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТЫНЫН КЫЗМАТ ОРДУНА ТАЛАПКЕРДИН ПРОГРАММАСЫ:

 

  1. Аймактагы жашоочуларга ыңгайлуу шарт
    Жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Жөө жүргүнчү жүрүүчү жолдор, эс алуу парктары, скверлер салынат. Дени сак образы түзүлүп, экология корголот.
  2. Айыл-чарба – экономиканын локомотиви
    Фермер-дыйкандардын өндүргөн продукциясынын эскпорттоодо ЕАЭБ жана Европа базарына чыгуу мүмкүнүлүгү 100 пайыз колдонулушу керек. Алыскы чет өлкөлөргө ЕАЭБ жана жана ВСП+ макамынын алкагындагы эскпорттук потенциалды колдонуу боюнча иштерди күчөтүшүбүз керек. Ал эми айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүнү алдыга жылдыруу үчүн ички жана сырткы инвесторлорду тартуу башкы максат болушу керек.
  3. Заманбап медицина – улуттун ден соолугуна кам көрүү
    Медицинага көңүл бурулуп, шарт түзүлгөндө оорулардын алдын алууга болот. Аймакка жаш дарыгерлерди тартуу, аларга жакшы шарттарды түзүп берүү маанилүү. Бюджеттик келишимде окуутунун квотасын көбөйтүү, жакыр жашаган үй-бүлөлөрдүн талантту балдарын жергиликтүү бюджеттен каржылап окутуу боюнча мыйзамдарды кабыл алууну демилгелөө керек. Дарыгерлерди айыл жеринде иштөөгө стимулдаштыруу (турак-жай жана жер тилкесин, пайызсыз насыяларды берүүнү, “жаш дарыгерлердин депозитин” ) программасын иштеп чыгабыз.
  4. Жаратылыш газы менен камсыздоо
    Айылдагы үуйлөргө жаратылыш газын жеткирүү. Электр энергиясы тартыш болуп турган маалда жаратылыш газы альтернативалык булак болуп саналат. Газ түтүкчөлөрүн тартып, ар бир үйгө газ жеткирүү негизги маселе болуп турат.
  5. Сапаттуу ички жолдор
    аймакта айыл менен айылды бириктирген ички жолдор маанилүү. Аларды оңдоо, асфальттоо иштери өз убагында жасалып турушу керек. Буга чейинки депутаттык мөөнөтүмдө жолдор боюнча көп маселе көтөрүп, чечип жүрдүм. Бул багыттагы ишим дагы уланат.
  6. Жаштарды колдоо – келечекке кам көрүү
    Аймакташы жаштарды колдоо аларга жумуш ордун түзүү, багыт берип, артараптуу көмөктөшүү менен болот. Бул үчүн чакан бизнестерди ачууга инвесторлорду, долбоорлорду тартуу керек. Бул жол менен миграциянын агымын да азайтууга болот. Андан тышкары спорттук залдарды, футбол талааларын салып, алардын дени сак болушуна салым кошуу маанилүү.

 

 штаб дареги: Ош шаары, А. Шакиров к.,

тел.: (0555) 000 – 075

Электронная почта: nurlanorozbaev@mail.ru