КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТЫНЫН КЫЗМАТ ОРДУНА ТАЛАПКЕРДИН ПРОГРАММАСЫ:

  1. Башкы максат - Кыргызстанды заманбап, дүйнөдө кадыр-барктуу, көп улуттуу өлкөгө айландыруу, анда ар бир адам үчүн ыңгайлуу, коопсуз жана татыктуу жашоону камсыздоо.
  2. Кыргызстандын башкы энчиси - бул анын көп улуттуу элинин таланты жана мээнеткечтиги, ал эми мамлекеттин негизги функциясы - инсанды өнүктүрүүгө жана ар бир кыргыз жаранынын жөндөмдөрүн жүзөгө ашырууга шарт түзүү. Инсан укуктарын урматтоо, берекелүү турмуштун жана социалдык коргоонун жогорку деңгээлин камсыздо.
  3. Мамлекет - эл кызматында болушу керек, кожоюн эмес. Өлкөдө инсанды урматтоо, ар бир жарандын негизги укуктары менен эркиндиктеринин гаранты болушу керек. Калк эмгекке жана жеке ишкердикке, татыктуу эмгек акыга, кутман карылыкка укуктуу.
  4. Кыргызстандын ар бир жашоочусун улутуна, тегине, социалдык абалына, динине карабастан, керт башынын коопсуздугу жана жеке менчикти коргоо укугуна, сөз эркиндигине жана обөективдүү маалымат алуу укугуна жана башка жалпы таанылган жарандык укуктарга ээлике жетиштирүү.
  5. Коомду бюрократиядан арылтуу, иш кагаз процессин жеңилдетүү жана заманбап санариптештирүү шарттарын түзүү.
  6. Мамлекетибиздеги ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген ар бир жашоочубузга ыңгайлуу жашоо шарт түзүүнү мамлекеттик деңгээлдеги камкордукка алуу.
  7. Жакырчылыкты жоюу үчүн программа -проектерди алып келүү жана өзүбүздөгү өз ара көмөктөшүү ыкмаларын жайылтуу
  8. Жаш муунга сапатуу, заманбап билим берип, медициналык жардам, эс алуу үчүн шарттарды түзүү.
  9. Турак жай ар бир жаш үй-бүлөөлөр үчүн жеткиликтүү болушу керек.
  10. Кыргызстандагы ар бир жаран ксенофобияга жана радикалдык улутчулдукка каршы жигердүү күрөшүүсү зарыл, ал үчүн көп улуттуу кыргыз маданиятынын өнүгүшү үчүн бардык шарттарды түзүп берүү.

штаб дареги: Ош шаары, Увам №1А/20

тел.: (0508) 57-07-57,    (0559) 70-70-48

Электронная почта: m_temirbaev@mail.ru