КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНЕ ДЕПУТАТТЫККА ТАЛАПКЕРДИН ПРОГРАММАСЫ:

 

Биздин элдин бүгүнкү жашоо-турмушуна жана эртеңки келечегине кайдыгер болбостон, калктын кызыкчылыгын канааттандырууну, саясий эркин жүзөгө ашырууну, анын ичинде төмөнкү иштерди аткарууну ниет максат кылып келем.

  • Алгачкылардан болуп, чектеш мамлекеттер менен чек ара маселесин биротоло чечип, бейкапар жашоого өтүү керек;
  • Ошону менен бирге, калктуу конуштардагы инфраструктуралык маселелерди жергиликтүү жамаат өз алдынча чечүүсү үчүн, аларды юридикалык жак катары таанып, региондорду өнүктүрүү фонддорунан жана башка булактардан даректүү жана туруктуу каржылоону жөнгө салган мыйзам долбоорун даярдоо жана ишке ашыруу;
  • Колдонуудагы ченемдик укуктук актыларын инвентаризациялоо жана бир системага келтирүү;
  • Жер жана курулуш жаатындагы мыйзамдарды учурдун талабына ылайык келтирүү;
  • Бюджеттик каражаттардын туура сарпталышын контролдоо;
  • Айыл чарбасын механизациялаштыруу, экономиканы индустриализациялоо, алдыңкы илим жана технологияларды колдонуу аркылуу зарыл социалдык-экономикалык натыйжаларга жетишүү;
  • Азык-түлүк, энергетика коопсуздугун камсыз кылуу, сууну туура пайдалануу;
  • Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын иштеринин үзүрдүүлүгүн арттыруу;
  • Социалдык объекттердин курулушуна көңүл буруп, билим берүү, медицина жана башка кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын арттыруу;
  • Коронавирус илдетинен арылуу жана ушул сыяктуу таасирлерге даяр туруу;
  • Бюджеттик тармактагы кызматкерлердин эмгек акыларын зарыл ченге жеткирүү менен коррупциялык көрүнүштөрдөн арылуу;
  • Соттордун өз алдынчалыгы жана судьялардын көз карандысыздыгы, мыйзам жана сот алдында бардыгынын теңдигине жетишүү.

Көрсөтүлгөн иштер чек болуп саналбайт жана элдин турмушун оңдоого багытталган демилгелерди көтөрүүгө билимим, эрким, тажрыйбам жана жөндөмүм жетет деп ишенем.