КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ДЕПУТЫНЫН КЫЗМАТ ОРДУНА ТАЛАПКЕРДИН ПРОГРАММАСЫ:

 

  1. Жалпы айыл тургундарынын жашоо шарттарын жогорку деңгээлге жеткирүү (саламаттык сактоо, билим берүү, мектепке чейинки билим берүү, таза суу);
  2. Элет жергесинде иш орундарын түзүү максатында инвестиция тартуу жана анын негизинде калкты жумуш менен камсыздандырууга жардам көрсөтүү;
  3. Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында мугалимдерди окуу куралдар менен камсыз кылууга жетишүү;
  4. Акы төлөп билим алуу мекемелеринде (бала бакча, мектеп, орто жана жогорку окуу жайларда) жарым жетим балдардын төлөмдөрүн жеңилдетүү;
  5. Айылдардагы электр мамычаларын, трансформатор жана электр чубалгыларын жаңылоону РЭСтер тарабынан жүргүзүүгө жетишүү;
  6. Жергиликтүү бийликтин бюджетин көтөрүү максатында жеке ишкерлерге колдоо көрсөтүү жана ошону менен бирге муниципалдык кичи ишканаларды ачуу, сырттан инвесторлорду тартуу;
  7. Жер-жерлерде спортту өнүктүрүү жана жаштарды сергек жашоого тартуу максатында муниципалдык спорт комплекстерин ачуу;
  8. Жалпы калкты таза суу менен камсыздоого жетишүү;
  9. Аз камсыз болгон, көп балалуу жана жакыр үй-бүлөлөрдүн коммуналдык төлөмдөрүн жеңилдетүү;
  10. Жер-жерлерде дыйкандарды жана фермерлерди колдоо максатында аларды арзан жер семирткичтер жана күйүүчү-майлоочу майлар менен камсыздоо.
  11. Айыл өкмөттөрүнүн денгээлинде муниципиалдык техникалык сервистерди ачуу максатында арзан айыл-чарба техникаларын алууга жетишүү;
  12. Айыл тургундарын турак-жай куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү.

 

штаб дареги: Куршаб айылы, А.Камчыбеков көчөсү №156

тел.: (0701) 77 23 23

Электронная почта: erzhigit.pasanov@gmail.com