КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТЫНЫН КЫЗМАТ ОРДУНА ТАЛАПКЕРДИН ПРОГРАММАСЫ:

Округдун жашоочулар үчүн мен төмөнкүлөргө аракет кылам:

  1. Эн биринчи элдин койгойу болгон турак-жай куруу учун жер тилкелерин болуп беруу маселесин которуу менен жер тилкелерин мыйзамдуу берилишин козомолго алуу.
  2. Заманбап бала-бакчаларды куруу учун чет элдик гранттар жана инвесторлорду чакыртуу менен иш алып баруу;
  3. Сугат суу арыктарды бетондоо, трубаларды жанылоо менен жолдорду заманбап кылып асфальттап ондоого каражаттарды бөлдүрүү;
  4. Жарандардын кызыкчылыктарын эске алуу менен учурдагы өнүгүүго ылайыктуу жаңы объекттерди куруу үчүн аянттарды тандоону көзөмөлдөө.
  5. Турак үйлөрдү жана батирлерди капиталдык оңдоо пландарынын аткарылышын туура көзөмөлдөө;
  6. Калкты жана жаш жарандарды жумуш менен камсыз кылуу шарттарын түзүү, жаштардын активдешүүсүнө өбөлгө түзүүчү методикаларды иштеп чыгуу менен мамлекеттин онугуусуно чон шарттарды тузуу.
  7. "Таза суу" максаттуу программасын иштеп чыгуу жана кабыл алуу, райондун бардык жарандарын сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз кылуу.
  8. Жергиликтуу айыл чарба ондуруучулорун жана онор жайды онуктуруу боюнча иш алып баруу.
  9. Туризимди онуктуруу боюнча иш чараларга колдоо корсотуу.

Өлкөнүн жарандары үчүн мен төмөнкүлөргө аракет кылам:

  1. Калктын кирешесин эске алуу менен турак жай-коммуналдык кызматтардын тарифтерин ынгайлаштыруу маселесин кароо;
  2. Жогорку билим менен өндүрүштү терең интеграциялоо;
  3. Мамлекеттик кызматтарда, медициналык мекемелерде жана билим берүү мекемелериндеги "кадр жетишсиздигин" жоюу максатын ишке ашыруу;
  4. Чакан жана орто бизнес үчүн кредиттердин пайыздарын төмөндөтуу жонундо иш алып баруу.
  5. Мамлекет тарабынан жеке ишкерлерге иш баштоо үчүн баардык шартарды түзүү жана жеңилдетилген акча каражаттар менен камсыздоо программасын иштөө;
  6. Жаш адистерди биринчи жумуш менен камсыз кылуу жана келечеке салым кошууга мүмкүнчүлүгү бар жаш акылдуулугу менен өзгөчөлөнгөн адистерди керектүү кесиби менен камсыздоо жана өлкөгө калтыруу үчүн шарт түзүү;
  7. Кыргыз Республикасынын ар бир жаранына Социалдык Фонддо каралган пенсиялык акча каражаттары боюнча өзгөртүүлөрду киргизүү жана карап чыгуу;
  8. Улгайган адамдарга медициналык жана социалдык тейлөөнү жакшыртуу;
  9. Сергек жашоо образын жайылтууга жана калыптандырууга багытталган программаларды реалдуу каржылоо;
  10. Элдин өлкөбүздүн жаратылышына жана анын тазалыгына болгон мамилени өзгөртүү программасын иштеп чыгуу;
  11. Иш берүүчүнүн эсебинен жумушчуларды медициналык камсыздандыруу практикасын кеңейтүү;
  12. Социалдык кызматкерлердин жана жумушчулардын эмгек акысын көтөрүлүсүн инфляцияга көз каранды кылуу;
  13. Мамлекеттин байлыгы болгон кен байлыктарын коргоо, сактап калуу багытында мыйзамдуу пайдаланууну козомолго алуу.
  14. Мыйзамдарга озгортуу жана толуктоолорду киргизуудо терек изилдоо жургузуу менен мамлекеттин онугуусуно шарт тузгон мыйзамдарды кабыл алууну ишке ашыруу.
  15. Жаштарга стандарттарга жооп берген акысыз орто жана жогорку билим алуу мумкунчулукторду камсыз кылуу.
  16. Уй-булонун кирешесине карабастан турак жай сатып алууга жана курууга насыялардын пайызын томондотуу маселесин которуп ишке ашыруу.
  17. минималдуу эмгек акыны жана пенсияларды максималдуу денгээлге которуу.
  18. Коопсуз жана алгылыктуу эмгек шарттарын тузуу.

      Ошондуктан, менин ишимдин башкы принциби–жогорудагы көйгөйлөрдү айтуу эмес, аларды чечүү ишке ашыруу! 2021-жылы парламентке ат салышып жатып, мен шайлоочуларыма дал ушул принципти жетекчиликке алууга убада бердим.

       Жараткан насып кылып, сиздер колдоп мен Кыргыз Республикасынын Парламентинде иштеп калсам, жогорудагы койгойлорду ишке ашырууга катту аракет кылам деп убада кылам.

 

Адрес штаба: Ошская область, Узгенский район, с. Куршаб ул. Бекмурзаева;

Телефон: (0777) 118 – 011