КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТЫНЫН КЫЗМАТ ОРДУНА ТАЛАПКЕРДИН ПРОГРАММАСЫ:

Тышкы саясат

Өлкөнүн тышкы саясаты Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктары менен аныкталат.

Коңшулар менен жакшы кошуналык мамилелер биринчи орунда турат. Кыргызстан дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен өз ара пайдалуу жана жемиштүү кызматташууга ачык. Кыргызстан союздаштары менен бирге коопсуздук тармагындагы стратегиялык кызыкчылыктарын коргоп, ошону менен бүтүндөй аймактын жамааттык коопсуздугун камсыздайт.

Мамлекеттик башкаруу

Натыйжалуу мамлекеттик башкарууга жетишүү үчүн өлкөдө Тартип жана Мыйзамдуулук болушу керек.

- сот системасын реформалоо жаатында жыйынтык чыгарууга жетишүү;

- кызмат адамдарынын кирешелери жөнүндө декларацияларын текшерүүнүн натыйжалуу механизмин киргизүү;

- мамлекеттик кызматта кадрларды тандоонун, даярдоонун жана жогорулатуунун ачык-айкын механизмин түзүү;

- мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү кадрларды көзөмөлдөө, жазалоо жана сыйлоо механизмин киргизүү;

Экономика

Кыргызстанга кыска убакыттын ичинде сапаттуу экономикалык жылыш керек.

Стратегиялык максат - жакынкы 10 жылда ИДПнын жылдык өсүшүнө жетишүү. Бул үчүн экономиканын кошумча наркы жогору тармактары өнүктүрүлөт.

Коңшу өлкөлөргө караганда Кыргызстанда жеңилдетилген салык системасы түзүлөт.

Кыргызстанда калктын калың катмарында ишкердик духту тарбиялоо жана колдоо системасы өнүгөт.

Кыргызстанда экспортко багытталган өндүрүштөрдү өнүктүрүү стратегиясы кабыл алынат.

Экономиканын мындан ары өнүгө турган стратегиялык тармактары: айыл чарба жана кайра иштетүү, жеңил өнөр жай, туризм, энергетика.

Мамлекеттин ишиндеги артыкчылыктуу жаңы, жакшы акы төлөнүүчү жумуш орундарын түзүүгө көмөктөшүү.

Кыргызстандын товарларын жана кызмат көрсөтүүлөрүн сатуу рынокторун кеңейтүү үчүн мамлекет бардык кызыкдар болгон чет элдик мамлекеттик жана жеке өнөктөштөр менен интеграциялык процесстерди күчөтүүгө көмөк көрсөтөт.

Чакан жана орто бизнес

Мамлекеттик саясаттын негизги багыты чакан жана орто бизнести реалдуу колдоо болушу керек, ал жумушчу орундарын түзүүгө, экономикалык өсүшкө, социалдык туруктуулукту жана рынокту товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр менен толтурууга көмөктөшөт.

Бул максатта биз төмөнкүлөрдү ишке ашырууну сунуштайбыз:

- жарандарды социалдык жактан колдоо боюнча натыйжалуу мамлекеттик жана региондук программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу (атап айтканда, жеңилдетилген кредиттөө аркылуу);

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдында жарандарга маркетингдик изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, бизнести уюштуруу жана жүргүзүү үчүн жайларды жана керектүү жабдууларды табууга көмөк көрсөтүүчү маалыматтык-консалтингдик-укуктук борборлорду ачуу;

Билим берүү

Эс алуу жана кружок инфраструктурасы негизинен райондордун борбордук бөлүгүндө топтолуп, чет жакдагы жашоочуларга жана жаңы имараттарга кирүүнү чектейт.

 Балдар аянтчаларын курууга дем берүүчү гранттарды активдүү пайдалануу. Жер бөлүп берүүдө спорт аянтчаларына, балдар билим берүү мекемелерине артыкчылык берилүү тийиш.

 Мектептердин кошумча имараттарын куруу жергиликтүү бийликтин концепциясында милдеттүү түрдө болушу керек. Анткени, иш жүзүндө көптөгөн мектептер ашыкча жүктөлөт.         

Саламаттыкты сактоо

Бизге медициналык мекемелерди толук реабилитациялоо керек. Капиталдык оңдоо, кошумча имараттарды куруу, жаңы жабдууларды сатып алуу. Ал эми мунун баарын гранттык каражаттардын эсебинен уюштурууга болот. Көптөгөн эл аралык уюмдар дүйнө жүзү боюнча медицина маселесине өзгөчө көңүл бурушат. Тез жардам станциясынын иш процесстерин андан ары оптималдаштыруу жана материалдык базаны чыңдоо.

Калктын социалдык жактан аз камсыз болгон катмары үчүн дары-дармектердин резервин түзүү. Тез жайгаштырылган күндүзгү стационарларды уюштуруу үчүн объекттерди тейлөө. Оорулуу дарылануу үчүн шаарды көздөй чуркабашы керек. Керектүү нерселердин баары ар бир жерде болушу керек.

Маданият

Кыргызстан мындан ары да светтик, демократиялык мамлекет катары өнүгө берет.

Кыргыздардын жана Кыргызстандын башка элдеринин тарыхы, каада-салты сакталып, чыгармачылык менен өнүктүрүлөт.

Элибиздин бийик адеп-ахлак нормалары, руханий дүйнөсү ар тараптан колдоого алынат жана сакталат.

Мамлекеттин саясатынын артыкчылыктуу багыты билим берүүнү, илимди, маданиятты өнүктүрүү, ар бир жарандын жеке жана бүтүндөй элдин ар тараптуу ишке ашырылышы үчүн шарттарды түзүү болот.

ШТАБДЫН ДАРЕГИ: Ош обл., Алай р-ну, Гүлчө а., Алымбек-Датка көч. 132

тел.: 0555 555 518 851

почта: pr.ulan78@gmail.com