КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТЫНЫН КЫЗМАТ ОРДУНА ТАЛАПКЕРДИН ПРОГРАММАСЫ:
- Коомдук саламаттыкты сактоо жана чыңдоо, сергек жашоо образын жүргүзүү үчүн шарттарды түзүү, жарандардын өз ден соолугуна жоопкерчиликтүү мамиле кылуу маданиятын калыптандыруу;
- Жетүүгө кыйын аймактарда, жаңы технологияларды пайдалануу менен медициналык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгү жана сапатын жакшыртуу;
- Медициналык мекемелерде дарт аныктоо жана дарылоонун заманбап жабдууларын жакшыртуу жана камсыздоо.
- Жогорку окуу жайларында андан ары кепилденген ишке орноштуруу менен белгилүү адистиктер боюнча студенттерди (анын ичинде майып студенттерди) окутууга мамлекеттик буйрутма принцибин киргизүү;
- Мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында кыргыз терминологиясын унификациялоо, кабыл алынган сөздөрдү жана түшүнүктөрдү кыргыз тилине которуу боюнча ишти активдештирүү;
- Аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн комплекстүү программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- Айыл чарба өндүрүмүнүн логистикалык борборлорун куруу жана түзүү;
- Салык системасында маалыматтык технологияларды тез өнүктүрүү ;
- Аймакты өнүктүрүүгө багытталган, бал челекчиликтин жаңы технологияларын жана методдорун иштеп чыгуу жана киргизүү;
- Жергиликтүү айыл өкмөттөрүнүн кирешесин көбөйтүү үчүн бал челекчилик азыктарынын экспортун көбөйтүү;
- Ирригациялык системаны калыбына келтирүү, жакшыртуу. Суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу менен сугат аяттарын көбөйтүү;
- Соода-логистикалык борборлорун башкаруу, айыл чарба өндүрүмүн сактоо, кайра иштетүү жана бөлүштүрүү үчүн инвестицияларды тартуу жана адам ресурстарын өнүктүрүү;
- Суу ресурстарын сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу жана сууну үнөмдөөчү технологияларды киргизүү аркылуу аларды сактоо методдорун пайдалануу;
- Таза ичүүчү суу менен жабдууга кеңири жетүү мүмкүндүгүн камсыздоо;
- Чакан жана орто энергетиканын жаңыланма булактары чөйрөсүндө конкреттүү механизмди киргизүү боюнча иштеп чыгуулар;
штаб дареги: Ош обл., Каракулжа айылы, Ж.Атарбек кочосу № 14
тел.: (0770) 550 – 006, (0558) 508-805
Электрондук почта: shabdansaipov@gmail.com