Талапкердин программасы:
Республикалык деңгээлде:
• Республикалык бюджетти көтөрүү, көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу
• Өлкөгө тартылган инвестициялардын көлөмүн көбөйтүү
• Пенсия, жөлөк пул, айлык маяналарды көтөрүү
• Чек ара маселелерин чечүү
• Элге пайдалуу, ыңгайлуу мыйзам долбоорлорун жазуу
• Иш орундарын ачуу
• Мигранттардын санын азайтуу
• Тышкы карыздардан кутулууга көмөктөшүү
• Медицина тармагын реформалоо
• Билим берүү тармагын реформалоо
• Мектептерге ыйман сабагын киргизип, интернеттеги балдардын тарбиясына, психологиясына терс таасирин тийгизген баракчаларга чектөө коюу боюнча мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу
Жергиликтүү деңгээлде:
• Таза суу маселесин чечүү
• Сугат суу маселесин чечүү
• Социалдык мекемелерди, ишканаларды куруу, эски социалдык объектилердин абалын жакшыртуу
• Чек арага жакын жайгашкан айылдардын статусун чечүү
• Эгин талааларынын түшүмдүүлүгүн арттырууга багытталган жаңы технологияларды киргизүү
• Дыйкандардын өндүргөн продукцияларын ортомчуларсыз, түз экспорттоого ыңгайлашкан механизмдерди киргизүү