Программасы

  • Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын, мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, алардын жашоо деңгээлин жогорулатуу, калктын бардык катмарынын кызыкчылыктарын чагылдырган мыйзамдарды иштеп чыгуу жана кабыл алуу;
  • Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдардын жана чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө;
  • Округдун шайлоочулары менен системалуу түрдө жолугушууларды уюштуруу, жарандардын кайрылууларын  округдун аймагында жана жумуш ордумда жеке кабыл алуу;
  • Шаардын, калктуу конуштардын инфраструктурасын жакшыртуу жана өнүктүрүү, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана улгайган жарандарга, көп балалуу энелерге жана калктын аярлуу катмарына социалдык колдоо көрсөтүү үчүн ар кандай булактардан инвестицияларды, финансылык ресурстарды тартуу;
  • Социалдык коргоону камсыз кылуу жана жашоочулар үчүн сапаттуу жашоо шарттарын түзүү боюнча мамлекеттик программаларды ишке ашыруу;
  • Чек ара тозотторунун, кошундарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, чек арачылардын жашоо шарттарын жакшыртуу;
  • Баткен согушунун жана таджик-афган чек арасында тынчтыкты камсыз кылууга катышкандандарга социалдык кепилдиктерди белгилөө;
  • Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларынын, афган-жоокерлеринин, Чернобыль апаатынын ликвидаторлорунун компенсациялык төлөмдөрүн жогорулатуу;
  • Кооптуу аймактардан көчүрүлгөн жарандарга турак жай курууга мамлекеттик колдоо көрсөтүү, калкты жана аймактарды табигый жана техногендик кырсыктардан коргоо үчүн мерчемделген күчтөрдү жана каражаттарды жетиштүү деңгээлде камсыздоо;
  • Мугалимдердин, дарыгерлердин, куткаруучулардын жана Куралдуу Күчтөрдүн эркин жалданган персоналынын эмгек акыларын жогорулатуу;
  • Мугалимдердин кадыр баркын көтөрүү, аларга социалдык жана экономикалык жактан артыкчылыктарды берүү, мектептердин окуу-материалдык базасын чыңдоо менен жаштардын сапаттуу билим жана тарбия алуусун камсыздоо.

 

Эгерде мен депутат болуп шайлансам, шайлоочуларымдын алдындагы жоопкерчиликти жана милдетти сезип, шайлоо программамдын жогорудагы пункттарын ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетимди, билимимди жана тажрыйбамды жумшайм, округдун шайлоочулары менен жемиштүү кызматташууга, алардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого кепилдик берем.

Колдооңуздарга үмүт кылам жана ишеним үчүн рахмат!