Мен Шайдиев Алмазбек Усупбаевич № 17 Бир мандаттуу Аксы шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер.
1986-жылдын 25-февралында Аксы районунун Авлетим айылында мугалимдин үй бүлѳсүндѳ жарык дүйнѳгѳ келгем.1992-жылы Байгашка-Терек айылында жайгашкан №21 Ы.Акылбеков орто мектебине башталгыч класска кирип 2003-жылы орто мектепти аяктагам.
2004-жылы турмуш шартка байланыштуу бир жыл айыл чарба жумуштары менен үй-бүлѳмѳ жардам берип жүргѳм.
2004-жылы Ошол маалдагы КМЮА (азыркы Ош МЮИ)жогорку окуу жайга тапшырып, 2012-жылы ийгиликтүү аяктагам.
2005-жылы Россиянын мамлекеттинин борбордук жогоркуокуу жайларына тапшыруу боюнча квотасынын конкурсунда Воронеж Мамлекеттик Университетинин Журналистика факультетине күндзгү бѳлүмүнѳ окууга ѳтүп.2009-жылга чейин окугам.
2012-жылдан баштап 2013-жылга чейин эл катарында эмгек мигранты.2014-жылдын башынан Аксы райондук суу чарба башкармалыгына башкы адис катары жумушка орношуп бүгүнкү күнгѳ чейин иштеп келе жатамын.
2021-жылдын апрелинен тарта Жергиликтүү кеңештин депутаты (Авлетим айылдык кеңеши).
Аксы райондук суу чарба башкармалыгынын, Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын, Жалал-Абад областык мамлекеттик администрациясынын ардак громаталарынын ээси.
Үй-Бүлѳлүүмүн.