КР ЖОГОРКУ КЕНЕШИНИН ДЕПУТАТЫНЫН ОРДУНА ТАЛАПКЕРДИН

ПРОГРАММАСЫ:

 

Мен, Шакиев Нурланбек Тургунбекович, 1977-жылдын
13-майында Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылында төрөлгөм.

          Өзүмдүн шайлоо алдындагы программамда бир нече багытта иш жүргүзгүм келет.

Өлкөнүн экономикасын өнүктүрүп-өстүрүү багытында бизнес үчүн салыктарды жөнөкөйлөтүү, Кыргызстанга дүйнө жүзүндөгү ачык визалык режимди киргизүү, эл аралык аэропортторду заманбап, жаңыча иш алып баруу менен жүргүнчүлөрдү тейлөө сапатын арттыруу жана Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу.

Мындан тышкары, экономиканы көтөрүүнүн бир жолу катары өлкөнүн айыл чарба жана гидроэнергетикалык дараметин жогорулатуу.

Ирригациялык тутумду жөнгө салып, айыл чарбасын өнүктүрүүнү, экологиялык таза азык-түлүк өндүрүүнү жана кайра иштетүү технологияларына багытталган айыл чарбанын моделин түзүү.

Жаратылышты коргоо, экологияны сактоо менен туризмди өнүктүрүү.

Коңшу өлкөлөр ортосундагы карым-катнашты, экономикалык ɵз ара соода-сатык иштерин жана туристтердин келип, кетүүсүн жакшыртуу максатында, анын ичинде Аксы районуна тиешелүү Жетиген-Нанай кɵзɵмɵл-ɵткɵрүү постун ачуу аркылуу ыңгайлуу шарттарды түзүү. Падыш-Ата, Сары-Челек жана башка туристтик жайларда эс алуу менен жергиликтүү тургундардын киреше булактарын кɵбɵйтүү.

Аксы районунун жалпы автожолдорунун узундугу 509 км түзɵт. Мунун ичинен 410 км асфальт басылган жолдор болсо, 99 км шагыл жолдор. Бул жолдорду тейлɵɵ акыркы 2 жыл ичинде тɵмɵндɵп кеткен. Аталган маселени кɵзɵмɵлгɵ алуу менен айыл аймактардагы жолдордо оңдоп-түзɵɵ иштерин жүргүзүү.

          Кудайым буйруп шайлоону утуп чыксак экономика, билим берүү, өндүрүш тармагында иштерди алып барабыз.