Программа
- Заманбап талапка ылайык, Кыргыз Республикасынын билим берүүнү өнүктүрүү стратегиялык багыттары, анын ичинде инсандын компитенттүүлүгүн калыптандыруу, окутууну ишке ашыруу жаны маалыматтык заманбап технологияларды колдонуу, билим берүү сапатын жогорулатуу.
- Билим берүү тармагынын өнүгүшүнө өбөлгө түзүү.
- Заманбап технология менен мектептерди камсыз кылуу.
- Жаш мугалимдерди мектепке тартуу үчүн мугалимдерге социалдык жактан жардам көрсөтүү.
- Санариптештирүүнү өнүктүрүү.
- Кыргызстандын жаш окумуштууларынын өсүп өнүгүшүнө өбөлгө берүү.
- Маданият тармагын өсүү жолуна багыттоо.
- Көп маданияттуу, коомдун билим алуудагы талаптарын жана керектөөлөрүн сапаттуу канааттандыруу.
- Кыргызстандын экономикасынын ийгиликтүү өнүгүүсүн жана жарандардын жашоо-турмушунун сапатын жогорулатууну камсыздоо
- Райондо жашаган элдин социалдык абалын жакшыртуу үчүн, таза суу, жол, бала бакча, мектеп, больница, маданият үйлөрүнө басым жасоо.Ошондой эле жалпы медицина кызматкерлерин социалдык жактан камсыздоону жакшыртуу.
- Ооруканалардагы шартты жакшыртуу, элди заманбап диагноз коюуучу жана дарылоочу аппараттар менен камсыз кылуу.
- Райондо жана алыскы айылдарда мыкты дарыгерлердин иштөөсүнө шарт түзүүгө көмөктөшүү.
- Дотациядан айыл жергесин чыгаруу үчүн, дотациялуу калктуу конуштарда ачылгын өнөр жай, кичи ишканаларды куруу, салыктык жеңилдиктерди берүү.
- Экономиканын артыкчылыктуу секторлоруна дем берүү максатында, соода- логистикалык борборлорун өнүктүрүү
- Жаны жумуш орундарын түзүүгө жана бар болгон сырьелук базаны эске алуу менен өндүрүштөрдү жайгаштырууга багытталган инвестициялык долбоорлорду жер-жерлерде биринчи кезекте ишке ашыруу.
- Айыл чарба продукциясын сактоо, сорттоо,таңгактоо жана кайра иштетүү боюнча бир катар өндүрүш ишканалары, текстиль жана тигүү тармагынын ишканалары жана курулуш материалдарын чыгаруу боюнча ишканаларды ишке киргизүү.
- Таштандыларды иштетүүчү кичи заводдорду куруу зарыл.
- Актуалдуу жана көйгөйлүү маселелерди чечүүгө мен салымымды кошом!