Программа

  • Экономиканы көтөрүүдө өзүбүздөгү бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу менен айыл чарба, өнөр-жай, ишкана, мекемелерден чыккан продукцияларыбызды кайра иштетүүдө, жумуш орундарын түзүүдөгү, мамлекетибиздин азык-түлүк коопсуздугун чечүүдөгү, камсыздоодо, экспорттоодо, аларды жандандырууда ар тараптан колдоо;
  • Кичи, орто бизнести колдоо, коргоо;
  • Ички, тышкы инвесторлорду тартууда ар тараптан колдоо жана коргоо;
  • Бардык өндүрүү тармагында ички мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен жаны мекеме ишканаларды ачуу, жумуш орундарын түзүү менен ички, тышкы миграциянын агымын азайтуу;
  • Жергиликтүү а/өкмөттөрдүн, акимдердин ишмердүүлүгүн, жоопкерчиликтерин күчөтүү, аларга жардам берүү, канткенде а/өкмөттөрүн дотациядан чыгаруу милдеттерин коюу жана алардын ишмердүүлүгүнө баа берүү менен контролдоо;
  • Жергиликтүү коомдук ичкен суу, сугат суу, жайыт комитет, уюмдардын а/өкмөтүнүн астында иштөөсү, жоопкерчиликтерин күчөтүү, элдин суроо-талаптарына жооп беруүүсү жана алардын иштерин жөнгө салуу, көзөмөлгө алуу, контролдоо;
  • Бардык тармактардагы алдым-жуттум, жемкорлук, коррупциялык көрүнүштөргө аёсуз күрөш жүргүзүү;

                  Социалдык тармакта жана жарандардын укуктарын коргоо маселесинде:

  • Жарандарды укуктук жана социалдык жактан коргоо;
  • Жарандардын маалымдуулугун көтөрүү жана коомдук пикирди эске алуу;
  • Мыйзамдуулукту жана акыйкаттуулукту камсыз кылуу;
  • Бардык категориядагы майып, көп балалуу, жакыр үй-бүлөлүү, жетим-жесир, карыларга мамлекет тарабынан камкордукка алуудагы иш чараларын колдоо жана коргоо;
  • Аялдардын жарандык коомдо жана саясатта жүктүн оорун тең бөлүшүүсү, алардын ролун өзгөчө көтөрүү , балоо менен мыйзам гарантиялаган орун берүү;
  • Уй-бүлөлүк, балдарга болгон зордук, зомбулук, суициддин астын алуу иштерин жүргүзүү. Жат көрүнүштөрдө мамлекеттин алган иш-чараларын көзөмөлдөө;
  • Саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданиятта, кызмат көргөзүү тармагындагы иштин сапатын көтөрүү жана айлык маяналарын жогорулатуу;
  • Шаар, шаарчалардагы, айылдык инфраструктураны жакшыртуу;

          Штабдын дареги:          Чүй обл., Кемин району, Самансур айылы, Коңурбаев 43а

          Телефон:              +996706547090

          Эл.почта:              sariev7k@gmail.com