Өмур баян
Алымжанов Айбек Орозбекович - Жеке ишкер, 1970-жылы 16 августта Нарын облусунун, Кочкор районунун, Теңдик айылында жарык дүйнөгө келген.
Эмгеки ишмердигин 1989-жылы Кочкор сельэнергодо 3-чу даражадагы электромонтер болуп баштаган.
1989-жылы Алма-Ата темир жол траспорттук техникумдун энергетика жана энергетикалык экономика адистиги боюнча бүтүргөн.
2011-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция факультетин аяктаган.
1989-1990-жылдары – Кочкор сельэнергодо 4-чу даражадагы электромонтер.
1990-1991-жылдары – Фрунзедеги политехникалык институт. Механизмдер жана машиналар теориясынын бөлүмүнүн инженери.
1992-жылдан 1997 жылга чейин – «Улар» киши ишкананын мүдүрү. Чаек айылы.
1997-жылы ОсОО «Жандос» фирманын финансы мүдүрү.
2007-жылдан баштап азыркы кунго чейин ОсОО «Жандос» фирманын башкы мүдүрү.
Сыйлыктар
III Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын "Салбуруун" тандоо оюндарына катышкандыгы үчүн Нарын облусунун курама командасынын ыраазычылык каты.
- • Кыргыз Республикасынын көмүр өнөр жай кызматкерлеринин күнүнө карата, биздин ишкананын жыргалчылыгы үчүн акниет эмгеги, жогорку кесиптик жетишкендиктери жана кынтыксыз эмгеги үчүн Ардак грамота.
- • Өлкөнүн көмүр тармагына жигердүү катышкандыгы жана жемиштүү кызматташкандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын ыраазычылык каты.
- 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяларга катышкандыгы үчүн ИИМдин "Кыргызмилициясына 85 жыл" мааракелик медалы.