КР Жогорку Кеңешинин депутатынын  кызмат ордуна талапкердин программасы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинде жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын   9-беренеси менен аныкталат.

Менин кесибим юрист болгондуктан жана бул тармакта 1995-жылдан бери  эмгектенип келе жаткандыктан менин программамдын негизи болуп мыйзамдарды жазуу  жана буга чейин кабыл алынган кодекстерге, мыйзамдарга жана башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү,  толуктоолорду киргизүү, аларды комитеттердин кароосуна сунуштоо жана пленардык жыйынга алып чыгуу.

Ошону менен бирге, жогорудагы Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган  өз ыйгарым укуктарымдын чектеринде көчмө жыйындар аркылуу шайлоочуларым менен жолугуп алардын көйгөйлөрүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары менен биргеликте чечүүгө,  айрым бир  мамлекеттик маанидеги маселелер болсо министрлер кабинети менен биргеликте иш алып баруу менин программамды негизи болуп салат. 

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)