Джаанбаев Тойгонбай Сейитказиевич

 

Джааыбаев Тойгонбай Сейитказиевич.03.11.1956-ж.т. Нарын шаары. Ленин к.2 кв.41.

Мен Джаанбаев Тойгонбай Сейитказиевич 1956-жылы Кыргыз Республикасынынын                   Ак-Талаа районунун Дөрбөлжүн айылында туулгамын.

1965   жылы   Баетов   айылындагы     Ломоносов   атындагы   орто   мектепке   кирип   1974   жылы ийгиликтүү бүтүрдүм.

1974-1975-жылы Ак-Талаа райондук сотунун соттук заседаниесинни катчысы кызматында иштедим.

1975-1977-жылы Советтик армиянын катарында Иркутск шаарында кызмат өтөдүм.

1977-1985 жылы Россия Федерациясындагы Санкт-Петербург шаарындагы Балтика атомдук кеме куруу заводунда токарь-каруселыник, слесарь-монтажник болуп иштеп, «Россия» атомдук музжаргыч кемесин курууга катыштым. Мындан тышкары ошол учурдагы СССР дениз Флотунун сыймыгы болгон «Киров», «Фрунзе» авианосецтерин курууга катыштым.

1979-1980 окуу жылында Росссия Федерациясынын С.Петербург шаарындагы № 30 Кесиптик лицейдин окуп,токарь-универсаль кесибине ээ болгом.

1985жылы С.Петербург шаарындагы   Кечки машинакуруу техникумун бүтүрүп. «металды ысык иштетүү боюнча техник-технолог» дипломун алгамын.

1986-1992-жылдары С.Петербург шаарындагы мамлекеттик университетинин геология факультетин ийгиликтүү аяктадым. -2006-2009-жылы Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык Академиясыида окудум.

1992-1997-жылдары Ак-Талаа райондагы «Тенир-До» чакан ишканасын түзүп. Ак-Талаа районундагы түз кендерин изилдеп, жеке чарбалык жумуштарда иштедим.

1997-2003-жылдары Нарын облустук адвокаттар коллегиясында адвокаттык кызматта иштедим.

2003-жылдан ушул мезгилге чейин КР Акыйкатчысынын аппаратында ишкагаздарын алып баруучу болуп жумушка орношуп, ушул мезгилге чейин бул системада иштеп келе жатам.

2007-2008-жылы КР Акыйкатчысынын Ысык-Кел облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү. 2011-жылдан 2014-жылга чейин КР Акыйкатчысынын Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү. 2014-жылдын январь айынан баштап ушул мезгилге чейин КР Акыйкатчысынын Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп келе жатамын.

1980-1992 жылдары Too туризми. алышнизм боюнча спорттук даражаларга ээ болуп. Памир. Кавказ. Тянь-Шань, Памиро-Алай жана Хибин тоолорунда, Заполяреде ж.б жерлерде спорттук тоо туризми, кышкы лыжа туризми боюнча спорттук топторду алып баргамын.1985жылы Too туризми боюнча 4 категориядагы спорттук журушке катышып, С.Петербург шаарынын чемпионы болгомун.

 

(Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)