Аманат, абийир, натыйжа!

Тоолук элге - тоодой кызмат!

 

Сапаттуу билим жана салттуу тарбия!

Медициналык өзгөчө жеңилдик!

Ийгиликтүү ишкер - өлкө тиреги! Айыл чарбасыиа жаңы жагдайлар.

Арыбаңыз замандашым. Эгер сиз бул программаны окуп жаткан болсонуз акырына чейин көз жүгүртүүгө чакырам.

Көп кылым мамлекеттүүлүгүн жоготуп жашап келген элибиздин таалайы жанып, эгемендүү өз алдынча болгонуна туура 30 жыл толду. Эмне үчүн узак убакыт эгемендүүлүгүн кайрып келе алган жок? Эмнеге өз учурунда мамлекеттүүлүктүн кадырына жетип, андан бери өнүгүп жашап келген жок, ортодо узак мөөнөттүү чон өксук жалны элдин жүрөгүн өйүп жашап келди. Себеби ошол доордо да эл тагдыры менен ойноп, калк ырыскысын кемитип, журт аягын бөксөрткөн акылсыз башчылардын айынан жоого кул, душманга күн болуп калган. Бирок ошого карабай эчен доор элибиз өз наркын, бийиктигин, элдүүлүгүн жоготкон жок. Зарлап күткөн мамлекеттүүлүк деген улуу бакытка акыры жетип, эми мындан ары өз турмушубузга тын, өзгөчө кор болбой жашап кетебиз деген ыйык тилеги акталбай келди. Сапатсыз бийлик башчылары, короологон кошоматчылар, чиренген чиновниктер, каргыш тийгир коррупционерлер өлкө улуулугун унутуп, журт уюткусун кемирип келет.

Эгемендүү өлкөм менен жашташ болуп, эс тартканы мамлекетибиздеги ар бир окуяга абай салып келем. Четте карап туруу кайдыгерлик деп билем. Былтыркы өткөн шайлоодо бийликтин жапа анын тегерегиндегилердин өзүм билемдиги менен өкүм зордугу элдибиздин дагы бир жолку үмүтүн өчүрүп, калын элдин кыжырын келтирди. Акыры ал бийликтин да учугун үздүк. Жаны келген бүгүнкү бийликке эл үмүтү жанып, өнүгүү менен адилеттикти зарыгып күтүп жаткандай. Баарыбызга белгилүү болгондой тарыхта дагы, акыркы эле биздин өлкөнүн басып өткөн жолунда дагы бийликтин башын жуткан саткын, кошоматчылары болгон. Мурдагы бийликке кызмат кылып жарытпагандар, былтыр эле ошол бийликтин кулашына себепкерлер быйылкы шайлоого да кайра аттанды. Алардын кимдер экендигин сиздер жакшы билесиздер.

Бүгүнкү бийликтин мурдагылардын катасын кайталабашы үчүн бир гана жолу бар деп эсеитейм. Кошоматчы, билимсиз кадрларынан арылыи, жаны кадрлар менен тегерегин толукташ керек. Ошону менен бирге таза шайлоо өткөрүүгө баардык күчүн жумшайт деп ишенем. Парламенттин акыркы эки чакырылышынын көпчүлүгү сапатсыз адамдардан куралгандыктан акыркы окуялардын эн башкы себепчилери да ошолор болду десем жанылышпайм. Ошондой эле өз ишин так билбегендиктен парламентаризмдин эл арасындагы кадырын кетиришти. Тоодой убадалар менен элди алдашты.

Бүгүнкү бийликтин жакшы иштеп кетиши үчүн сапаттуу, билимдүү парламенттин орду абдан чон. Ал үчүн келе жаткан шайлоодо элибиз терен ойлонуп базарчыларга эмес билимдүүлөргө, акчалуу, аткезчилерге эмес акылдууга, "Кары келсе ашка - жаш келсе -ишке" деп элибизде айтылгандай дүйнө агымын, ааламдашуунун жаны шарттарын жапа илим менен техниканын тилин түшүнгөн жаштарга мандат бериши керек.

Бул шайлоо алдыдагы 5 жылдык элибиздин эл аралык аренадагы жүзүн, экономикалык өсүшүн, өлкө стабилдүүлүгүн аныктайт. Кайра эле чимкирик атка конгон эскилерди шайлап алып жер тепкилеп беш жыл жүрөбүзбү же эл үчүн иштеп берчү жаны жүздөрдү шайлайбызбы бул сиздин колунузда.

Көп нерсени убадалап, кооз программа жазып, болбочу ишти болтурам деп, депутаттын функциясыпа кирбей турган иштерди аткарам деп сиздерди алдагым келбейт. Мүмкүн ошондой башка талапкердин программасы азыр үгүтчүлөр аркылуу үйүнүгө жеткепдир. Талдап чыгаарсыз.

Менин сиздерге жеткиргим келген чакан программамды "Аманат, абийир, натыйжа" деп атадым. Ар бириниздердин добушупуздар мен үчүн - аманат! Чогулган көйгөйдү чечүү - абийирден! Эл пайдасына чечилген иш - натыйжа!

 

Сапапуу билим, салттуу тарбия!

Дүйнөнү каптаган апааттуу тумоонун азабынан билим берүү системасы абдан начарлап, окуучулардын, студенттердин билим денгээли түшүп кеткенин ар бир ата-эне жана жалпы эле мугалимдер сезип турат. Бүгүнкү күндө эн зарыл персе - бул, билим. Себеби дүйнө күн санап илим менен техниканын өнүгүшү жүрүп жатат. Биз ал агымдан артта калууга татыктуу эмеспиз. Ал үчүн:

  1. Мектептердеги окуу - усулдук программалардын жаны шартта иштелип чыгуусун камсыз кылуу;
  2. Ар бир мектепти жеткиликтүү материалдык жана техникалык каражат менен камсыздоо;
  3. Татыктуу айлык акы - сапапуу билим. Мугалимдердин айлыгын жетиштүү өлчөмгө жеткирүү;
  4. өспүрүм балдарды психологиялык жактан туура эмес багытка тарбиялоочу интернет сайттарын жана оюндарын мамлекет тарабынан чектөө;
  5. Билим берүүнүн сапат денгээлин текшерүү механизмдерин өзгөртүү;

Медициналык өзгөчө женилдик!

Нарын облусу климаттык шарты оор аймак. 12 айдын 5 айы гана жылуу болбосо калган үчүр дээрлик суук. Муздак климат сөзсүз ден соолуктун бузулушуна алып кслет.

  1. Атайын шартта медициналык тейлөөнүн бааларын арзандатуу;
  2. Тоолуу шарттагы медициналык кызматкерлердин айлыктарып тийиштүү өлчөмгө көтөрүү;
  3. Климаттык шарты оор аймактар үчүн мамлекет тарабынан дары - дармекти жетиштүү жана арзан баада сатууну камсыздоо;
  4. Алыскы аймактар үчүн көчмө медициналык кызматыи түзүү, өнүктүрүү.

Ийгиликтуу ишкер - өлкө тиреги! Айыл чарбасы үчүн жаны жагдайлар.

Акыркы жылдарда ар бир айылда, чакан жеке ишкерлик менен алектенген жарандарыбыздын саны арбып барат. Бул көрүнүш өлкө экономикасы үчүн жакшы тирек болот. Чакан бизнеске өзгөчө көнүл буруу менен айыл чарбасынын өнүгүшүнө жана башка чакан жана орто бизнести иштетип жаткан жигердуу жарандарыбызга колдоо көргөзүү учур талабы. Келечекте мамлекетибиздин экономикасынын локомотиви мына ошол айыл чарбасы жана туризм тармагы болуш керек. Андай долбоорлорду ишке ашыруу менен айыл жергесинен мигрант болуп агылган канчалаган жумушсуз жаштардын көйгөйлөрүн чечүүгө болот. Биз бул нерсеге созсуз жетишебиз. Ал үчүн билимдүү, дүйнө таанымы кенен жаштардын тобу бийлик бутактарына келиши керек.

  1. Айыл чарба багытында берилип жаткан кредиттердин пайыздык ченин тоолуу аймактар үчүн 2 пайызга чейин арзандатуу.
  2. Чакан микрокредиттик компаниялардан жана интернет аркылуу алынуучу тез кредиттерден кредиттик тарыхы (кредитная историясы) булганып калган баардык жарапдардын көйгөйлөрүн кайрадан карал чыгуу.
  3. Сандан сапатка өтүү заман талабы. Малдын сапатын жакшыртуу менен биз жайыттарыбызды сактап калабыз. Бул үчүн мал чарбачылыгы алдынкы орундагы аймактар үчүн эт жана сут багытындагы малдын сапатын жакшыртуучу өкмөттүк программанын кагаз жүзүндө калып кал бай ишке ашуусун тыкыр көзөмөлдөө.
  4. Чаржайыт токулган жайыт мыйзамдарын жана өкмөттүн токтомдорун кайрадан каран чыгуу. Акыркы жылдардагы жергебиздеги окуялар көргөзүп тургандай жайыт мыйзамдары элге каршы иштеп, акыры барып айыл, район аралык талаш-тартыштардын кучөшүнө алып келип койду. Жайыттын мекени болгон Нарын үчүн бул уят көрүнүш. Чечүү үчүн эрк жана эл менен болгон тыгыз диолог жетиштүү.
  5. Акыркы жылдарда элдин саны өсүп жатат. Айдоо аянттарынын тартыштыгы байкалууда. Суу барбаган кайрак жерлерди иштетүү боюнча мыйзамдардын иштелип чыгышы зарыл. Жакынкы жылдарда өкмөт бул иштерди тез арада колго алып айыл чарбасынын приоритеттүү багытына алуусу абзел.
  6. (Орфография-пунктуация и стиль автора сохранены)